Кызыл-Туу айылынын мектеп мугалимдери июль-август айлары коронавирус оорусуна каршы вакцина алууда активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде жалпысынан 50 дөн ашык мугалим, 10 дөн ашык техникалык кызматкерлери иштешет. Азыркы күндүн актуалдуу болгон көйгөйү элдин вакцина алуусу.
Вакцина алуу боюнча мугалимдердин ой –пикирлери ар кандай. Мугалимдер эл менен, балдар менен дайыма тыгыз байланышта ошол себептен эмдөө алуу сөзсүз керек деген түшүндүрүү иштери жаз айларында эле башталган. Вакцинаны май айынан баштап мугалимдер ала баштаган, бирок аз сандагы эле. Мугалимдердин көпчүлүгү албагандыгынын бирден бир себеби социалдык тармактарда тараган терс көз караштагы маалыматтар болду. Көпчүлүк мугалимдер кооптонуп чын эле ооруп калсакчы деген сыяктуу эки анжы ойдо болушту.
Убакыт өтүп жаңы окуу жылы башталаарга аз калган айлары мугалимдер вакцина алууда активдүүлүгүн көрсөтүштү. Азыркы учурда 70 пайыздан ашык мугалим жана мектептин техникалык кызматкерлери вакцина алышты. Бул нерсе мугалимдер окуучулар менен иштешкенде өздөрүн ишенимдүү сезип жандуу түрдө кайрадан чогулушуп салттуу окууларын улантууга көмөк көрсөтүштү десек болот.
Ошондой эле вакцина алгандан кийин кандай болду жана жаңы окуу жылга кандай даярдык болуп жатат деген сурообузга башталгыч класстын мугалими Алымбүбү Исмалова төмөндөгүчө жооп берди:
« Биринчиден вакцинаны жакында эле алдым, эмдөө башталгандан бери ар кандай маалыматтарды угуп коркуп жаткам. Кесиптештерим айрым тааныштар дарыгер менен кеңешип вакцина алганын угуп, аларды көрүп мен да вакцинаны алууну туура көрдүм. Эгер мугалимдердин көпчүлүгү вакцина албаса мектептер ачылбай калуусу мүмкүн деген сыяктуу сөздөр да ойлонтпой койгон жок. Вакцинаны алгандан кийин алгачкы күндөрү уйкум келип, өзүмдү оор сезип бир аз кыйналдым. Адамдын жаш курагына организмге ар кандай таасирин тийгизээрине көзүм жетти, кээ бир адамдар эч нерсе болбой эле жүрүшкөнүнө күбө болгом.
Ал эми азыр баары өттү, өзүмдү жакшы сезип жаңы окуу жылына кызуу даярданып жатам. Окуучуларым менен буюрса 15-сентябрь күндөн баштап окуубузду улантабыз деп жатабыз»,- дейт мугалим.
Нурзат Момуналиева