Бүгүн, 26-июль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгырдын суулары унаа жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 манипулятор жана 5 кызматкер, ЖКККББдан 1 экипаж тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бизге берген маалыматында унаалардын өтүп жаткандыгын билдирди.