«Келечек» балдар бакчасы гүл кесе эстафетасын улантып бала-бакчага ылайыктап турнанын элесин берген 2 гүл салгыч коюшту. Мындан сырткары, Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жайгашкан имаратынын терезелерине гүл текчелерин орнотту.
Толугураак видео сюжеттен көрүңүз:
Бала-бакча башчысы Кыял Масирова:
«Казарман айылынын борбордук көчөсүнө коюлган гүл салгычтар айылыбызга көрк кошуп, бизге да дем берди. Эстафета бизге бериле элек болсо дагы көчөбүздөгү гүл салгычтар бизди шыктандырып мотивация берди. Өзүбүзгө бала бакчага ылайыкташтырып, азырынча 2 гүл салгычты иштеген жумушчулар демилгелеп жасаттык. Казарман айылынын мекеме-ишканаларын жана жеке ишкерлерди демилгени колдоп айылды көрктөндүрүүгө салым кошууга чакырам»,- деп оюн билдирди.
«Гүл текчелерин коюу» демилгесин өзүбүздө иштеген жаш адистерибиз Калыс Масиров жана Назгүл Тилегеновалар көтөрүп чыгып, «Ынтымактуу эл — көрктүү айыл» долбоорун ишке ашырышты.
Бул демилге жергиликтүү коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эми биздин мекеме да жетекчибиз Чолпонай Женишовнанын демилгеси менен жаш демилгечилерибизге колдоо көрсөтүп, 6 терезебиздин сыртына да гүл койгучтарды орноттук.
Ынтымак биримдик менен айылдын көрктөндүрүүгө салым кошууга жергиликтүү коомчулукту чакырабыз. Бул демилгени да жеке ишкерлер колдоого алат деген ишеничтебиз»,- деди мекеменин адиси Бурул Жусупова.