Азыркы учурда ыктыярчы болуп эмгектенгендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Айрымдары ыктыярчылыкты хобби катары сезишсе, айрымдары жумуш катары кабыл алышат.
Айнакан Токтакуновна өзү менен биргеликте мектеп окуучуларын да ыктыярчы болууга үндөп, Акылай Сейитбекова, Айтурган Куттубекова жана Улук Курманбеков да эжейи менен биргеликте иш алып барышат.
“Ыктыярчы болуу мектеп окуучулары үчүн абдан жакшы. Себеби, алар көптөгөн жаңы билимдерди алышат. Алган билимдерин кайра элдерге жайылтуу менен ментордук чеберчиликке ээ болушат. Чет мамлекеттерге окууга тапшырууда да ыктыярчы окуучуларга же студенттерге абдан жакшы шарттар түзүлөөрү баарыбызга маалым”,-дейт Айнакан Койчуманова.
«Мен азыр 11-класста билим алып жаткандыктан, келечектеги кесибим тууралуу да ойлонуп, алдыга максаттарымды коюп жаткан учурум. Чет өлкөдө билим алуу менин эң биринчи максаттарымдын бири. Менин ыктыярчы болуума Айнакан эжейибиз түрткү берди. Ыктыярчылыкты мен кесип катары да кабыл алам. Себеби, биз билим алып, окуулардан өтүп, алган билимибизди жайылтууга аракет кылабыз»,-дейт жаш ыктыярчы Улук Курманбеков.
Наиля Жанарбек кызы