Адамдын өзүн-өзү баалоо жана өзүнө болгон ишенимин кантип чыңдоого болот? Алдыда, ишенимди чыңдоого жардам бере турган жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз.
Адамдын өзүн-өзү сыйлоосу жана ишенүүсү жашоо сапатына биз ойлогондон да көбүрөөк таасир этет. Эгерде сиз дайыма адамдарга ачык болууудан, өзүңүздү коомго көрсөтүүдөн же манипулятордун таасирине түшүп калуудан корксоңуз, өзүңүзгө болгон ишенимди чыңдоо зарыл. Анткени, башка адамдардын сынына кабылам деп коркуп турганда, албетте жаңы нерсени баштоо, ийгиликке жетишүү дээрлик мүмкүн эмес.
Өзүн-өзү баалоо эмнеден турат?
Психологиянын көз карашынан алганда, өзүн-өзү баалоо адамдын өзүнүн артыкчылыктары, кемчиликтери жана сапаттары жөнүндөгү ойлорунан турат. Бирок, адамга өзүн объективдүү кабыл алуу кыйын. Бул нерсеге пессимизм, ашыкча өзүн- өзү сындоо, идеалдаштыруу жана башка факторлор таасирин тийгизет.
Ошентип, өзүн-өзү төмөн баалоонун негизги себептери булар:
• Өзүн башкалар менен салыштыруу адаты;
• Өзүнүн индивидуалдуулугун кабыл албоо;
• Айлана-чөйрөдөгү адамдардын ашыкча сыны;
• Жашоонун терс тажрыйбасы,
• Катаны кайталоодон коркуу;
• Шылдыңга кабылуудан коркуу.
Өзүн-өзү баалоо жан өзүнүзгө болгон ишенимди чыңдоого 7 кеңеш
- Бардык нерсе үчүн кечирим суроону токтотуу керек. Өзүңүздүн күнөөңүзгө канчалык көңүл бурсаңыз, ошончолук өзүңүзгө болгон ишеним азаят. Мисалы, лексикаңыздагы «кечиккеним үчүн» деген сөздү «сабырдуулугуңуз үчүн рахмат» дегенге алмаштырыңыз.
- Спорт менен алектениңиз. Мүмкүнчүлүк болсо, таза аба, жаратылыш койнунда. Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук ден-соолук журналынын изилдөөсүнө ылайык, табигат менен гармонияда болуу өзүн-өзү баалоо, ишенимдин өсүшүнө өбөлгө түзөт.
- Ыңгайлуу зонаңыздан чыгыңыз. Адамдын өзүнө болгон ишенимди жогорулатуунун жакшы ыкмасы- жагымсыз окуялардан баштоо. Мисалы, сиз чоочун адамдар менен баарлашуудан коркосуз. Мындай сезимди жеңүү үчүн көчөдө бейтааныш адам менен сүйлөшүңүз.
- Дайыма жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Бул бир абалда токтоп калуу же артка кетүү сезимин жоготот жана адамдын өзү менен сыймыктануу сезимин жаратат.
- Ийгиликтериңизди журналга жазыңыз. Бүгүн биз көбүнчө позитивдүү окуяларды кулак сыртынан кетирип, негативге көбүрөөк көңүл бурабыз. Күн сайын кечинде сиз үчүн анча маанилүү болбогон «жеңиштериңизди» дагы жазыңыз. Бара-бара мээ сиздин ийгиликтериңиздин арбын экенин кабыл алат. Бул өзүн-өзү сыйлоо сезимин калыптандыруу боюнча абдан популярдуу кеңеш.
Эмне кылбоо керек?
- Күтүүлөргө жооп берүү. Баарына жагууга аракет кылбаңыз. Баарына жагам деп, албетте өзүңүздү баалоону жакшырта албайсыз. Эгерде сиз башкалардын пикирине көңүл бурбасаңыз — сизди кызыктырбайт дегенди билдирбейт. Бул сиз — өзүңүзгө ыңгайлуу экениңизди билдирет.
- “Бир ийгиликсиздик башка учурларда дагы кайталанат!” – бул адамдардын талантын жана мүмкүнчүлүгүн чектеген коркунуч сезимдери. Мисалы, эгер бир жолугушуу сиз үчүн натыйжа бербесе, бул кийинкисинен баш тартуу керек дегенди билдирбейт. Эгерде, сиз бир жумушта өзүңүздү начар көрсөтуп жатсаңыз, анда башка жумуштарда дагы ийгиликке жетүү мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.
Касиет Кубанычбек кызы
Тест: Сиз өзүңүздү баалайсызбы?
Тест: Сиз фейк маалыматты айырмалай аласызбы?
3 234