«Мурас» тобунун мүчөлөрү солдон оңго: Саадат Исмаилова, Ыргалай Айбашева, Азизбүбү Жолдошева
Дээрлик үч жылдай убакыттан бери Сүлүктүдө өткөрүлгөн маданий иш чаралардын көркү болуп, мезгил мезгили менен Баткен телевидениесинен, ЭлТРден жана социалдык тармактардан көрүнүп жүргөн “Мурас” чыгармачыл тобунун аткарган иштери, коомчулукка белгисиз болгон эмгектери жана эл билбеген сырлары жөнүндө макала даярдадык.
“Мурас” чыгармачылык тобунун мүчөлөрү Саадат Исмаилова, Ыргалай Айбашева жана Азизбүбү Жолдошовалар, топту аккордеондо коштогон аткаруучу Жолдошбек Ражапов.
“Топтун мүчөлөрү жөнөкөй эле аялдарбыз. Эч кимибиздин маданият же искусство тармагы боюнча атайын билимибиз жок, элден чыккан таланттарбыз десек болот. Мына үч жыл толду “Мурас” тобу болуп биригип чыкканыбызга. Максатыбыз компьютердик технологиянын жардамы менен жасалган чыгармалар басымдуулук кылып, нукура элдик чыгармаларга азыраак маани берилип жаткан учурда, элибизге кылымдардан бери мурас болуп келе жаткан элдик чыгармаларды сактап калуу болчу.
Негизги идеябыз элдик мурастарга экинчи өмүр берүү, башкача айтканда заманбап технологиялардын жардамы менен кайрадан жаздырып чыгуу. Быйыл түзүлгөнүбүзгө үч жыл болгон экен мына отчеттук концерт берүүнүн алдында турабыз. 30 ашуун элдик ырларды кайрадан жаздырып чыктык, өзүбүздүн төрт клип тартылды.
Эмгегибиз бааланып Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасын алдык. Өзгөчө жерибизди айта кетсем, өзүбүздүн чыгармаларыбызда сүлүктүлүк акын Айсулуу Садыкованын ырларына обон жаратабыз, бул учурда аткаруучу Жолдош Ражапов коштоп берет.
Финансы маселеси боюнча өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Кол өнөрчүлүктөн түшкөн кирешелерибизди формага, клип тарттырууга, административдик чыгымдарга жумшайбыз. Мындайча айтканда өзүбүзгө өзүбүз продюссер, өзүбүз режиссер. Албетте бизге көркөм жетекчи катары, насаатчы катары Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурованын эмгеги зор. Эл биле элек иштерибиз Элдик кол өнөрчүлүк боюнча дагы мурастарды сактап калуу боюнча иш жүргүзүп келебиз”,- дейт топтун башчысы Саадат Исмаилова.
Баткен-2021 этнофестивалынын катышуучулары
“Биздин топтун “Мурас” болуп аталышынын дагы бир себеби элдик кол өнөрчүлүк мурастарын да сактап калуу. Мисалы Лейлек колорити чагылдырылган улуттук кийимдер, элечектер, аялдардын жасалгалары (аксессуарлары) боюнча иш жүргүзүп келебиз. Жакында эле 9-майга карата өткөрүлгөн облустук конкурста жеңишке жетишип, грамота жана акчалай сыйлык алдык. Бул багытта бизге идеяны маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурова берет, өзүбүз энциклопедиялардан издейбиз жана шаардык тарых музейиндеги маалыматтардан пайдаланабыз. Элибизде маданиятты сыйлаган, искусствону түшүнгөн инсандар көп, ошондуктан жасаган буюмдарыбызга жакшы эле баа берет, тапкан акчабыздын негизги бөлүгүн чыгармачылыкка жумшайбыз”,- дейт топтун мүчөсү Ыргалай Айбашева.
Лейлек колорити менен тигилген улуттук кийимдер. Баткен-2021
“Инсанда табигый шык жөндөм болсо, аны колдонуп, өрчүтүп, кийинки муундарга да из калтырып кетүү керек. Мурас тобуна да кошулганымдын бир себеби руханий эргүү алуу, ата-бабаларыбыздан келе жаткан маданий мурастарды келечек муундарына калтырууга аз болсо да салым кошуу. Мисалы, кечээ жакында эле, 21-май күнү Кара-Кулжа районуна барып, Рыспай Абдыкадыровдун үй-музейинде болуп келдик. Өзүбүздө Сүлүктүдө да Рыспай Абдыкадыровдун 80-жылдыгына карата маданий иш чара өткөрүүгө, ошону менен бирге “Мурас” тобунун уч жылдыгын өткөрүүгө даярданып жатабыз”, -дейт топтун мүчөсү Азизбүбү Жолдошова.
Рыспай Абдыкадыровдун үй-музейи. Кара-Кулжа-2021 жыл
Бакытбек Сапаркулов