Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин жанына 4 бөлмөлүү жаны мектеп уланды.

Негизинен мектеп 2 кабаттуу жана 20 дан ашуун кабинет бар болчу. Окуучулар эртең менен жана түштө окушчу. Мектепте 600гө жакын окуучу окуйт. Учурда жаңы мектептин курулушу аяктап, төмөнкү класстын окуучулары окуп жатышат.

Мектеп окуучуларынын айтымында «Мектеп курулганы жакшы болду, анткени биз кээ бир учурларда кружок өткөн күндөрү класстар бош болбой калчу, азыр баары кеңири. Түштөн кийин келип кружокторго кеңири катышып жатабыз»- дешти.
Мектеп директору Сапарбек кызы Гулзат:
«Стимулдук грант деген проекттин колдоосунда бул мектеп курулду. Биз проект жазып, ошол проекти утуп алдык. Проектте 3 миллион сом акча каралган, анын ичинен 2300000 сомдун тегерегинде акча коротулуп, азыркы учурда 4 каана заманбап техникада курулду. Жылытуу системасын, жарыгын фирма өзү коюп берди. Эмеректерге марафон уюштурдук, элден 53 000 сом акча түштү. Айыл өкмөтүнөн 60000 сом акча бөлүнгөн», деп билдирди.
Мектеп окуучусу Акбермет Абдулажанованын айтымында:
«Окуу жакшы болуп жатат, азыр 2 смена болуп окуп жатабыз, эгерде 1 эле смена болсок андан да жакшы болмок», деди.

Соцпедагог Айгул Шералиева:
«Мектеп курулганы жакшы болду, эгерде 1 смена болгондо мугалимдерге да оной болмок, анткени мугалимдер мектепте кечке чейин иштегенге туура келет. Эгерде 1 смена болгондо иштерибизди саат 2ге чейин бүтүрмөкбүз. Бирок ушул мектеп курулганынына да кубанып олтурабыз. Демөөрчүлөргө чоң рахмат», деп билдирди.
