Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы Талап айыл аймагында жаңы мектеп курулууда. Мектеп ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет.


“Жерүй” алтын кени тарабынан курула турчу 100 мектептин бири ушул Байымбет атындагы орто мектеби. Тендерди түрктөр менен биргелешкен уюм утуп алып, курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Мектеп 2 кабат, 4 блоктон туруп, заманбап типте спортзалы менен салынууда. Мектептен сырткары дааратканасы, отканасы салынып бүттү.

Мектеп директору Тиленбаева Ажаркүл төмөнкүлөргө токтолду.
“Мектептин капсуласы 10-майда салынып, ошондон бери мектептин иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Кыргызстанда салынуучу 100 мектептин бири. Сметалык баасы 58 млн сом. Азыркы учурда мектептин 1-кабатынын терезелери салынып, 2-кабаты көтөрүлдү. Октябрь айында курулуш иштерин толук бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Менин оюмча мектептин пайдубалынын 50%, ал эми жалпы мектептин курулушу 35-40% бүтүп калды”.

Ал эми курулушта иштеп жаткан Нурбек Сатындиевдин айтымында, мектептин 2-кабатынын плитасы 10 күн ичинде жабылат. «Бул жердин шарты жакшы 4 маал ысык тамагын берет. Жатаканасы дагы жакшы. Бул курулушта жалпысынан 50 киши эмгектенип жатат. Бул жердин эли биздин балдар окуйт деп бизге козу, кымыздарын алып келип, жакшы мамиле кылышат», — деди ал.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова, Айчолпон Касмалиева