Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү токойчунун үйү 537 миң сомго толук оңдоодон өттү. Бул үй 1962-жылы курулган. Аны оңдоо иштерине жаратылыш коргоо тармагын өнүктүрүү фондусунан 537 миң сом каражат бөлүнгөн жана бул каражатка үй толук оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле климаттык өзгөрүү шарттарында «Тоо токойлору жана ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоору тарабынан Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү көчөт өстүрүү жайына 144 миң сомго чырактар коюлган.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан