«Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 14 үй-бүлөөсүнө социалдык контрактын негизинде 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзгөн.

Үй-бүлөлөлөргө 100 миң сомдук сертификатты Сокулук райондук администрациясы
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» № 385 токтомуна А. Жапаров кол койгон.
Турсун Омуралиева