Бишкек-Манас Эл Аралык аэропорт жолунда жол кырсыгы катталды. Жол боюндагы күбөлөрдүн айтымында мектеп окуучуларын ташып келе жаткан автобус артында келе жаткан GO BUS маршруттук автобустун байкабай калган. Жолдон бурула бергенде мектеп окуучулары менен кошо оодарылып кеткендиги айтылды. Кырсыктан жабыркаган окуучулар бар.
Айта кетсек, былтыр 2022-жылдын 20-июнунан тарта GO BUS «Манас» аэропортунан Бишкекке маршруттук автобустарды ишке киргизгени тууралуу маалымат тараткан. Маршрут шаардын түштүк тарабынан башталып, Бишкектин борбордук көчөлөрү аркылуу «Манас» аэропортуна чейин жана ар бир 30 мүнөт сайын кайра каттайт. Жүргүнчүлөр өз убагында аэропортко жетип, Бишкекке кете алышат. Салон акысыз Wi-Fi менен жабдылган.
GO BUSтун артыкчылыгы – бул корпоративдик мамиле, анда уюм жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, айдоочулардын жол эрежелерин сактоосун, учуп кетүүнүн жана келүүнүн так графигин сактоосун, тейлөө стандарттарын сактоону камсыз кылат. Бул Кыргызстандын популярдуу туристтик дестинация катары жагымдуу имиджин калыптандырууга шарт түзгөн каттам катары таанылган.
Турсун Омуралиева