Жаңы-Жер айыл тургундары тарабынан, дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү. Айылдын тынчтыгын сактоо жана жаштардын жаркын келечеги үчүн спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө, эл нааразычылыгын билдирүүдө.
Жогоруда айтылгандай, Жаны-Жер айыл тургундары, дүкөндөрдө спирт ичимдиктеринин сатылышына нааразычылык билдирүүдө. Бул боюнча Жаны-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Аскарбек Бердигулов төмөнкүчө билдирди:
«Мен бул боюнча айта кетсем, мындан 3 жыл мурда токтом чыгарганбыз. Айылдык депутат Жабраил Бабаев айыл ичиндеги дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын деген 150 кишинин колун коюлган, арыз алып келген.
Биз айыл өкмөттө сессияда каралган. Көпчүлүк депутаттар колдоп добушка салып токтом чыгарганбыз. Спирт ичимдиктерине тыйуу салынсын деген токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлгөн. Айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов жакшы эле аракет кылып, дүкөндөргө билдирүү жөнөткөн. Айыл өкмөткө дүкөн ээлерин чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөнбүз.
Бирок жыйынтыгы жакшы жакка чечилген эмес, “Биздин укугубуз бар сатканга, биз да соода кылышыбыз керек” дешкен. Биз маселе силердин укукта эмес, арактын айынан үй-бүлөлөр бузулуп, жаштар туура эмес жолго түшүп жатышат, айылда уруш- мушташ болуп, үй-бүлөлөр жабыр тартып калып жатышат деп түшүндүрүүгө аракет кылдык. Ошол боюнча натыйжасы жок токтоп калды. Ошол чыккан токтом али да күчүндө турат, биз эми айыл элинен колдоо күтөбүз. Көпчүлук жамааттар аркылуу колдоп берсе, өзүнчө бир топ түзүп жандансак жакшы болот эле.
Биздин айылда буга чейин дагы актвист уул-кыздарыбыздын демилгеси менен “Тез жардам” унаасын сатып алганбыз. Биздин айылдын ынтымагы менен бул ишти деле чече алабыз деп ишенем. Эгер биз айыл ичиндеги тынчтыкты кааласак, айыл жаштарын ыймандуулукка чакырып ушул токтомдун ишке ашып кетишин жетекчиликке алышыбыз керек.
Себеби, биздин айыл Кыргызстандын ар кайсы региондорунан келген элденбиз, айылыбыз ар улуттан куралган эл болгондуктан, арактын кесепетинен жаштар арасында тынчтыкты сактоо максатында чогуу чара көрүш керек. Дүкөндөрдүн айланасында мас адамдарга айыл тургундарынын атынан жана жабыр тарткан кээ бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн арыздануулар келет, жаш балдар мектептен келе жатканда же калем дептер алууга дукөнгө кирүү кооптуу деген».
Айылдагы дүкөндүн сатуучусу Чачыкей Чокойбаева дүкөндө эң көп сатылган бул тамеки жана арак экенин айтат:
«Спирт ичимдиктерине тыюу салуу боюнча былтыр айылдык кеңештин төрагасы Аскарбек Бердигулов дүкөнгө келип, дукөндө арак сатууга тыйуу салынды деген. Бирок анда мен дүкөндү жаңы ачып жаткандыктан жакшы деле түшүнгөн эмесмин. Азыр менин дүкөнүмдө арак менен эле тамеки өтөт. Андан башка азык- түлүктөрдү айыл эли карызга эле алышпаса соода жок.
Менин үй-булөмдү багууга киреше алып келген ушул дүкөн. Өзүңөр көргөндөй дүкөнүм деле чакан. Биздин айылда 3 базарда арзан базар жарменкеси болот, айыл эли азык- түлүктү жумасына ошол базардан эле камсыздап алат. Анан кайдан соода болмок эле, менин иштеген жумушум болбосо же пенсия албайм, эптеп тыйын тыпыр таап келген жолдошумдун көзү өтүп кетти.
Короодо малым да жок, малды багууга да жем чөбү керек экен, аракет кылып бир жылы 5-6 торпок алсам, айылда сарык илдети каптап ооруп өлүп калды, 5 кой алсам аны да уурдап кетти, милицияга арыз жазганмын табылган жок. Ошондо ызамдан жаман болуп, аябай ыйлаганмын. Малды бага албасам, андан көрө ушуну менен эптеп жан багайын деп узун туурасы 3метр дүкөндү ачып алып оокат өтүүдө. Бир балам үйлөнө элек, ошого каражат керек, кантип үйлөнтөм, кандай кыз келет деп ойлонуп жүрөмүн. Эми айылда меникинен башка дагы магазиндер арак сатпай калса, анан көрө жатармын.
Чынын айтсам мен каршымын, «Аю» жана «Хантер» арак заводдорунун 1 жылдык лицензия уруксат кагаздарын алганмын. Арак сатып ишкердик кылууга, үй-бүлөмдү багууга менин укугум бар. Ал эми ичкилик ичкен адамдар кайдан да болсо таап ичишет. Бир таанышымдан угушумча бир айылда дагы ушинтип тыюу салынган экен. Бирок айылдагы балдар достору менен бир машинеге отуруп башка айылга арак үчүн барып ичишип, жолдон келе жатып кырсыкка учурап каза болушкан. Ичкиси келген адамды токтотуп болбойт, башка айылга барса да сатып ичишет. Андай болсо, Кыргызстан боюнча арак заводдору жабылсын, мыйзам чыгарсын, анан мен токтотоюн»,- дейт дүкөнчү.
Ал эми айылда бул маселе боюнча “Жаңы-Жер айыл жаштарынын-жаркын келечеги үчүн” деп, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө айыл өкмөт башчысы менен биргеликте, айыл аксакалдары, айылдык соттун мүчөлөрүн, айылдык кеңештин депутаттарын, айылдагы активисттерди чогултуп кеңешме өткөрүү пландалууда.
Турсун Омуралиева