Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы, таза суу жетпеген көйгөйлүү бөлүгүн «Ихсан Хария» кайрымдуулук фонду каржылоодо. Долбоордун алкагында Жаңы-Жер айылындагы жалпы 6067 метр таза суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жана таза суу сактоочу резервуардын курулуш иши башталды. Бул долбоордун ишке ашуусу менен Жаңы-Жер айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу. Долбоордун башталышына Чүй облусунундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Джумагазиев Канат Сагынович, Сокулук районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы Аким Ташкулов, Илияз Акжигитович жана Ихсан Хайрия фондунун Президенти Магомед Мусаевич катышышты.
Жаңы-Жер айыл башчысы Бердибек Беделов иш үстүндө
Таза суу маселеси Кыргызстандын бардык аймактарында биринчи кезекте көңүл бурулуучу көйгөйлөрдүн бири. Бирок адистердин айтымында, муктаждыкты чечүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттар жетишсиз. Ал эми Жаңы-Жер айыл аймагындагы бир нече суу мунараларын өнөктөштөрдүн жардамы менен реконструкциялоо менен айыл эли таза суу менен камсыздалды. Учурда суу маселеси жокко эсе.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын май айында Ассафа кайрымдуулук фондунун колдоосу менен Жаңы-Жер айылындагы борбордук суу мунарасы толугу менен реконструкцияланган.
Турсун Омуралиева