Адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн өздөрүн коргоону жана мындай жагдайлардан алдын ала эскертүүнү Жаңы-Жер айыл аймагындагы айылдардан баштадык. Айылдагы эмгекке жарамдуу жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, анткени аларда адам сатуунун курмандыгы болуп калуу тобокелдиги жогору.Адам сатууга каршы күрөшүүдөгү эң актуалдуу жана натыйжалуу стратегиялардын бири бул алдын алуу болуп саналат.
Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин окуу блм боюнча директордун орун басары, Асира Назарматованын билдирүүсү боюнча: Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү, чет өлкөгө жумуш издеп кетишет. Колдоруна дипломун алаары менен 17 жашка толуп толбой далай жаштар өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып тааныш билиши жок эле кеткендер кездешээрин айтат. Муну ал бүтүрүүчүлөр жөнүндө өздөрү жазган отчетко таянып билдирди.
Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин окуу бөлүм боюнча директордун орун басары Асира Назарматова
Ар бир адамдын өз өмүрү өзүнө кымбат. Биздин жаштар чындыгында маалыматы жок эле, интертеттен тамак-ашы, жатаканасы, жол киреси бекер деген жарыяны көрүп кетип калышкандары да жок эмес. Биздин лицейде жетимчиликтин ар кандай категориясындагы балдар келип окуйт. Лицейдеги окуучулардын 90% пайызын алыскы айылдардан келген балдар түзөт. Албетте бул окуучулар биздин окуу жайды бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырууга шарты жок болгондуктан чет өлкөлөргө бири бирин ээрчин кетип калышат. Жумушка орношуп жатканда компаниянын лицензиясын сурашпайт. Лицензияны Юстиция министрлигинин сайтынан тактап алса деле болот. Адам сатуу жөнүндө маалыматтарды жаштарга жеткизүү керек. Азыркы убакта кыргызстандык кыз-келиндердин алыс, жакынкы чет ѳлкѳлѳрдѳ сексуалдык кулчулукка, зордук зомбулукка, алдамчылыкка кабылуусу эмнеден болуп жаткандыгы туурасында жаштар маалымат алганы жакшы.
Эскерте кетсек: Кыргызстанда, адам сатууга каршы 2022-2025-жылдарга программа бекитилди. Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу каралган.
Министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду.
Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.
Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
#Демгедем ПТЛ
Турсун Омуралиева