“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору Чүй облусунун журналисттерин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге катышууга чакырды.АталгантрегинггеСокулукрайонундагы Жаңы-Жерайылындагы»Жамааттык медиа борборлору»катышышты
Тренинг ЖМКнын материалдарында терс гендердик стереотиптердин жана бир жактуулуктун таралышына жол бербөө, ошондой эле гендердик маселелер боюнча материалдардын сапатын жогорулатуу жана тематикасын кеңейтүү максатында өткөрүлдү. Аталган тренингдин соңунда катышуучуларга «Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» методикалык колдонмосу электрондук форматта таратылды.
Бул колдонмодо ЖМКлардын ишмердигинде адам укуктарынын жана гендердик теңчиликтин баалуулуктарын түшүнүүнү, окуяларды гендердик-сезгичтик менен чагылдыруу көндүмдөрүн, гендердик-туура тилди колдонууну, гендердик басмырлоонун формасы катары гендердик стереотиптерди чагылдыруудан алыс болгон гендердик сезимтал контентти жана визуализацияны жайылтууну калыптандырууга жана колдоого багытталган. Колдонмо журналисттер, редакторлор, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери,ошондой эле социалдык медианын жигердүү ишмерлери үчүн арналган.
Айта кетсек, “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору «Социалдык технологиялар агенттиги» КБ жана “Социологиялык, саясат жана социо-психологиялык изилдөөлөр” КБ тарабынан Европалык Биримдиктин финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты аялдарга, жаштарга жана балдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстары бар, анын ичинде калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү жаатындагы негизги милдеттер болуп саналган, адам укуктары жаатындагы күн тартибине жарандардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.