Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин администрациясы ушул эле айыл аймагына караштуу Зелёное айылындагы 19-мекеменин кызматкерлерине жана 10-ротанын жоокерлерине “Чек арачыга бирден китеп” акциясынын уюштуруп, китеп куржунун тапшырышты. Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупованын аракети менен 23-апрель Эл аралык китеп күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

Зелёное айылындагы 10-ротанын жоокерлери
Акциянын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик, кесиптик лицейдин мугалимдер жамааты китеп алып келишип жоокерлерге тапшырышты. Иш-чараны уюштурууда кесиптик лицейдин директорунун орун басары Чынара Алиева, лицейдин китепканачысы Айчолпон Омуралиева окуучулар менен концерттик программа даярдашып, жоокерлерге жакшы маанай тартуулашты.

Китеп тапшыруу учуру
Белгилүү болгондой, бул иш чара өлкө боюнча 24-25-апрель күндөрү “Чек арачыга бирден китеп” акциясы башталган. Бирок
«Эл аралык китеп күнү» жыл сайын 23-апрелде белгиленет.