Жаңы-Жер жамааттык борборунун кабарчылары Бишкек шаарында, ММК колдоо борборунун кеңсесинде медиа уюмдардын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу боюнча семинар-тренингге катышууда.
Семинарга Жаңы-Жер Жамааттык Медиа борборунан ыктыярчы-кабарчылары Нурай Ибраева, Айдай Жаныбекова жана Рамиль Кеңешов барууда. Учурда «ММК Колдоо борбору»фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте «Спотлайт» демилгесинин алкагында атайын медиа уюмдардын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу боюнча семинар-тренинг өткөрүүдө. Азыр долбоордун 2-туру өтүп жатат.
Семинар учурунда: Тренер Мырзайым Жаныбек кызы
Семинардын тренерлери Назира Джусупова, Мырзайым Жаныбек кызы «Гендердик өзүн-өзү баалоо» темасынын алкагында:
1. ЖМКдагы гендердик этика кодекси
2.Гендердик зомбулук жана анын алдын алуудагы ЖМКнын орду
3.Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун масштабы
4. Гендердик зомбулуктун негизги 4 түрү
5.Виктимблейминг түшүнүгү
6. Фемицид деген эмне жана ал тууралуу кантип жазабыз?
Деген маселелер каралып, катышуучуларга кеңири түшүнүктөр берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КРӨ), Европа Бирлиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) бардык түрлөрүнө жана зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүүгө багытталган «Спотлайт» аттуу демилгеси көп жылдык программасын ишке ашырууда.
Кыргыз Республикасында «Спотлайт» демилгесинин максаты — бардык аялдар менен кыздардын, айрыкча аялуу катмардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде өспүрүмдөр арасындагы нике жана ала качуудан алыс болушун камсыз кылуу.
Мында адамдарга билдирүүлөрдү таркаткан массалык маалымат каражаттары чоң ролду ойнойт. Коомдук пикир ММК сунуш кылган, жарыялаган жана чыгарган маалыматтардын негизинде курулат. Темаларды туура чагылдыруу, образдын курулушу жана өзүнө өзү гендердик баа берүү зыяндуу тажрыйбалар, стереотиптер жана зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет.
Мына ушул окутууда Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун ыктыярчы-кабарчылары медиа сабаттуулугун жогорулатуу менен гендердик өзүн- өзү баалоо түшүнүгүн алууда. Бул 2-окутуу, алдыда дагы окутуулар бар.
Турсун Омуралиева