Суусамыр өрөөнүнүн жалпы аянты 472 миң гектарды түзөт. Суусамырда бардык сезондо колдонулуучу жайыттын түрлөрү бар.
Азыркы учурда Чүй, Талас, Жалалабад облусунун Токтогул районунун фермерлери жана дыйкан чарбалары, жалпысынан 80 айыл округдары мал айдап өтүүчү жолдор, токой чарбалары жайыт пайдалануучулары болуп эсептелет. Суусамыр өрөөнүндөгү жайытты башкаруу боюнча киргизилген электрондук жайыт комитети системасы, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды туруктуу башкарууда чоң жеңилдиктерди алып келүүдө.
Тактап айтканда, кайсы участокто канча мал жайылып чыккандыгы жана жайыт маршруттары киргизилип, малдын саламаттыгы боюнча маалыматтар киргизилип коюлган. Бул система ПРООНдун “Суусамыр өрөөнүндө жайыттарды туруктуу башкарууну жайылтуу” долбоорунун негизинде ишке ашырылып, азыркы учурда Кыргызстандын башка облустарындагы жайыт комитеттерине модуль катары берилүүдө.
Бул тууралуу Суусамыр FM жамааттык радиосунда Суусамыр жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Зоодан Асаналиев жана жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдасан Кулматов айтып беришкен.
«Бул басылма Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа биримдигинин коз карашын чагылдырбайт.»
Анарбек Калдыков