Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундар тарабынан жер маселеси көтөрүлүп, ал элдик жыйынга бекитилген. Коомдук угууда калктын ой — пикирин эске алуу менен ижарага берилген жерлерди иретке келтирүү, ашыкча алынган жерлерди өкмөткө кайтаруу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жер берүү максатында октябрь айында инвентаризация жүргүзүлө тургандыгы айтылды.
Жер маселеси жарандар тарабынан көп жылдан бери сунушталып келген. Быйылкы жаңы шайланган депутаттар да бул маселени колго алып, иш планга киргизилип, элдик жыйында бекитилген жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылды дейт Сары-Булуң айыл аймагынын жооптуу катчысы Асылкерим Кыдыков.
“Биздин айыл аймакка тиешелүү болгон эки айылда жер боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү. Буюрса октябрь айында жер үлүшү, ижарага берилген жерлерди кайра тактоо жүргүзүү, ашык жерлерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берүү боюнча маселелер каралды. Ашыкча алган жерлерди мыйзам чегинде өкмөткө кайтаруу боюнча сунуштар айтылды”.
Ал эми сессияга катышкан айыл тургуну Иният Олоңбашов айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңештин аракети октябрь айында билинет деген оюн ортого салды.
“Бүгүнкү коомдук угууда эл үчүн жакшы маселелер каралыптыр. Жакынкы арада жер масеселеси чечилет деп жатышат. Буга чейин карапайым эл жер албай келди. Азыр депутаттар, айыл өкмөт менен биргеликте жерди тактап, жери жокторго жер бөлүп беребиз деп жатышыптыр. Буюрса октябрда көрөбүзго…”
Жер маселесин көпчүлүк жаштар көтөрүп, сунуштарын айтып, кайрылып келишкен дейт Сары-Булуң айыл аймагынын бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Чынара Жусубакунова.
“Бүгүнкү күнгө чейин айрыкча жаштар жер көйгөйүн чечип бергиле деп бизге айтып келишкен. Ошол себептен улам, жер маселеси каралып жатат. 15-октябрга чейин жерди инвентаризация жүргүзүп, ашып калган жерлер болсо, тактоо жүргүзүлөт. Жерлер такталып, айрым үй-бүлөлөр жер менен камсыз болуп калса, социалдык маселелер чечилип калат деген ойдомун”.
Белгилей кетсек, жер маселеси буга чейин Сары-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясында каралган. Анын натыйжасында коомдук угуулар өткөрүлүп жатат.
Анара Мааметова
Суусамыр: Мектеп даярдыгы жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү отурумда каралды