Ак-Талаа районунда аз камсыз болгон, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар кандай гуманитардык жардам берилүүдө. Мындай категориядагы жарандар ар бир айыл өкмөттө кызматкерлердин, ыктыярчылардын жардамы менен аныкталып, тизмеси даярдалган. Келген жардамдар ошол тизмеге ылайык берилип, аны райондук комиссия көзөмөлгө алат.
«АЛ ЭМИ ЖАРДАМДАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНА КИРЕБИЗ ДЕГЕН ЖАРАНДЫК АКТИВИСТТЕР БОЛСО АНДА МАКУЛДАШУУ МЕНЕН КАБЫЛ АЛАБЫЗ» ДЕЙТ АКИМ СЕЙТЕК КУЛУБАЕВ.
Жакында дагы мамлекеттик материалдык резерв фондусунан 34 тонна ун келди. Жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча акимдин орун басары Кенже Карагулованын айтымында ар бир такталган үй-бүлөгө 45 килограммдык бир каптан ун берилет. Мурда алган жарандарга кайталанып берилбейт. Учурда райондо социалдык абал туруктуу. Дарыканаларда керектүү каражаттар жетиштүү.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова