Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери өз убагында башталып, өз убагында бүтүүсү үчүн айыл чарба штабы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө айдоо аянттарына суу кое берилди. Үч жарым миң гектарга жакын аянтты сугаруу керек болсо, учурда 170 га аянтты суу басты. Андан сырткары, айыл чарба техникалары, шаймандары кароодон өткөн.
Айдап себүү иштерине даярдыкта турат. Ал эми айдоо иштери үчүн күйүүчү май менен камсыз болуусу тууралуу район акими Сейтек Кулубаев: «Күйүүчү май туруктуу. Учурда 57 тонна күчүүчү май бар. 39-40 сомдон сатылып жатат»,- дейт.

Ак-Талаа айыл чарба тармагындагы район болгондуктан көбүнчө арпа жана буудай өстүрүлөт. Климатка байланыштуу жаз кечирек келгендиктен айдоо иштери дагы кечирек башталат.
Райакимдин айтканына караганда март айында буудайдын жаңы сортунан 34 тонна алынып келингени менен тартыш. Тиешелүү жактардан үрөн алып келүү аракеттери көрүлүп жатат. Буюрса, талааларда тырмоо иштери аяктагандан кийин апрелдин ортолору менен соко салынат.
Быйыл район боюнча буудай аянттарын көбөйтүү жана үрөн чарбалары менен бирге үрөн участкаларын уюштуруу пландалууда.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова