Дээрлик айыл тургундарынын көпчүлүк бөлүгү кан басымы жогору дарты менен оорушат. Жаш курактары орто муундан улуу муунга чейин болсо, акыркы 2- 3 жылда жаштар да кошулуп бара жатат.Бүгүнкү күндө кан басымы жогорулардын санын барган сайын көбөйүп бара жатканын статистикалык маалыматтар айгинелеп турат. Төлөк айылы райондон 60км алыс жайгашып, климаты катаал болгондуктан бул оорулар менен ооруп каттоодо тургандар көп, ал гана эмес кээ бир убакта өлүм менен да аяктаган учурлар болот. Мына ушул дарт менен айылдык дарыгерлер кандай күрөшүп жатканын билүү үчүн айылдык ФАПка барып кайрылганыбызда №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Гүлбара Жакабаева буларга токтолду:
«Бул оору менен ооруган адамдар айыл жергесинде көп. Азыр жашы деле, карысы деле бүт эле ооруп калды. Булардын ооруп жатканынын себеби, айылда жашылча-жемиш өспөйт, аны күнүмдүк тамакка колдонуу үчүн дайыма райондон барып алып келип туруш керек, а айыл элинде күнүгө районго барууга мүмкүнчүлүк жок, экинчи себеби, Төлөк айылы мал киндиктүү болгондуктан этти тынымсыз колдонушат, бул болсо кан басымды жогору болуусуна алып келет. Бул ооруну убагында келип дарыгерлерге көрүнүп туруш керек эле, бирок эмнегедир бүгүнкү күндө буга маани бербей жатышат. Кан басымы жогору болгон адамдарды абасы жеңил жерлерге жашоо керектигин сунуштап жатабыз, ага деле азырынча эч ким көнө элек. Ооруган адамдар 6 ай сайын текшерүүдөн өтүп, районго барып болгон аналазидерден, текшерүүлөрдөн да убак убагы менен өтүүсү керек. Бул ооруну алдын алыш үчүн, тамак аштардын кээ бирине чектөө кылуу, майды, куурмачты, газдалган сууну, тез татымдарды такыр колдонбоо керек. Ошондой эле жашылча жемиштерди жеп ден соолукка маани берүүсү абзел. Андан сыркары гимнастика менен алектенип көп кыймыл-аракетте болуусу зарыл. Бул эрежелерди сактаса кан басым бирдей калыпта жүрөт, ал эми бул дартка чалдыкккандар убагында дарыларын ичсе кан басымы бир калыпта жүрө берет. Туура тамактануу эрежелер менен өз алдынча таанышып чыгышса, көпчүлүк оорудан оолак болушат эле. Тамак ичпегиле деп такыр тыю салбайбыз бирок, оор тамактануудан кийин көнүгүү жасап же көп басуусун да сунуштайбыз»
«Көпчүлүк учурларда кан басымы жогорулап кеткенин сезбей да калышат, аны «үнсүз өлтүргүч» деп коюшат. Айрым убактарда жогорку артериялык кан басымы бар экенин көптөгөн жылдар бою сезбей да, билбей да жүрө беришет. Билбей жүрө бергендиктен, жүрөккө, баш мээге, бөйрөккө жана ошондой эле көптөгөн жерлерди жабыркатат. Жогорку кан басым канчалык көпкө созулса, инсульт же инфаркт сыяктуу олуттуу оорулардын келип чыгышына себеп болот. Кан басым жогорулап кеткенин, бир учурда башыңыз ооруп, алсырап калган да билсе болот. Кан басымды текшерүү баардык жерде бекер болгондуктан, айыл тургундарына кайрылат элем, ден соолуктарыңыздарга кайдыгер карабай келип текшерүүдөн өтүп, дарыгерлерден кеңеш алыңыздар деп»
Айпери Марлес кызы