Жылдан-жылга эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүп жатат. Бул ымыркайлардын ден-соолугуна чоң кедергисин тийгизет. Андыктан балдардын ден-соолугу ата-эненин жоопкерчилиги. Ымыркайга туура кам көрүү туурасында дарыгер неоанатолог Айгуль Самудинова айтып берет.
Алгач ирет эне болуп жаткандарда тажрыйбалуу апаларга караганада тынсыздануу көбүрөөк болуп ымыркайдагы кайсы абал кадимки көрүнүш экенин кайсы учурда эмне кылуу зарылдыгын биле албай калуулары мумкун. Биринчи торотто айымдар ымыркайга кантип туура кам көрүшү керек?
— Биздин элде кыз турмушка чыккандан кийин гана эне болууга даярдык туурасында ойлоп баштаган туура эмес түшүнүк бар. Ар бир ата-эне үйдө кыз бала төрөлөбү, уул бала төрөлөбү кызды эне болууга, эркек баланы болсо ата болууга үйрөтүп баштоо керек. Ал үчүн кыз бала бойго жетип этек кири келип баштаганда аны туура санаганды, өздүк гигиенаны үйрөтүү ошондой эле бир жылда бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп туруу зарыл. Эне болууга даярдоо бул 3 нерсеге бөлүнөт.
Биринчиден- кош бойлуулук бул оору эмес, эне болуу аял затына берилген табийгый түрдө эң бактылуу нерсе. Эне болууга даяр кыздар төрөттөн коркпош керек.
Экинчиден- кош бойлуу болгондон кийин гана ден-соолугуна көңүл буруп калбастан ага чейин дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кандай тамактарды ичүү керек, кандай дары-дармектер сунушталат ушуларды билип алганы жакшы. Ошондой эле, төрөткө даярдык көрүп эмне алып баруусу керектигин, өзүнө моралдык психологиялык шарттарды түзүшү керек. Кош бойлуу болгон аял зат сөзсүз түрдө медициналык көзөмөлдө болушу керек. Ушул учурда башка үй-бүлө мүчөлөрү кантип жардам бере алышат, балага кандай кам көрүү керектигин билүү маанилүү.
Бирок, азыр көп жаштар буга көңүл бөлүшпөйт. Алар бир жакшы дарыгерге барып сүйлөшсөм эле ал адис мага жардам берип төрөтүм жеңил болот деп ойлошот. Бул туура эмес. албетте, кесипкөй адистер жардам берет, азыр төрөт үйлөрүндө дагы шарттар жакшы. Ошондой болсо да бул жерде абдан чоң рол ойногон нерсе ошол кош бойлуу аялдын өзүнүн даярдыгы. Ошондуктан аял ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп, айтылган профилактикалык дары дармектерди убагында ичип, 2 жолу узи аппараттан өтүш керек, бардык анализдерди тапшырып төрөткө ден-соолугун чыңдап таза келиши зарыл. Төрөт үйүнө келгенден кийин ооруканада төрөткө алдына ала даярдоо кабинеттери бар ал жерден сабактар өтүлөт. Андан кийин эмчек эмизүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.
Эненин ууз сүтүн эмүү маанилүү
Бала 9 ай эненин курсагында жатында 37 градус жылуулукта болот. Ал төрөлгөн соң биз дароо кургатып туруп, эненин көкүрөгүнө жаткырабыз. Ошол учурда жарым сааттын ичинде ууз сүттү ичкенине аракет жасайбыз. Бекеринен кыргызда:”бул уузга тойгон наристе, уузга тойгон инсан ошондуктан мыкты”-деген сыяктуу сөздөр айтылып жүрбөсө керек. Ууз сүттү пайдалуулу эми укмуш. Андай зат дүйнөдө табылган эмес. Ымыркайга эмне керек болсо баардыгы ууз сүттүн курамында бар. 85% ымыркайлар ууз сүттү эмет аны эмген баланын ден-соолугу дагы чың болот.
Сүт башта (мээде) жасалат
Бала төрөлгөндө дагы бир принцип бар. Ал 24 сааттын ичинде эне менен баланы бөлбөш керек. Эне балага кам көрүп өзү кийинтип кам көрө баштаганда, ага кандай көз карашта болсо эмчекке сүттүн келиши дагы ушундан көз каранды болот. Сүт эненин башында жасалат. Сүтсүз аял болбойт. Болгону эне баланы гана ойлобой башка нерселерге көңүл буруп, алагды болгонунан сүттүн чыкпай маселе жаралыш мүмкүн. Учурдагы энелерде телефон менен алаксып кетип жатканы. 90% сүттүн болушу эненин балага көңүл буруусунан көз каранды болот. Алгачкы күндөру эле сүт келбейт биринчи ууз сүт болот, ал өтө майлуу жана аз болушу мүмкүн.
Ымыркайдын тамагына бир жашка чейин туз жана шекер кошпоо керек
Балдарды туура тамактанууга көндүрүү маанилүү
Айгерим Кубатбекова