Кыргызстандын башка өлкөлөрдөй эле жаштар саясаты бар. Ага карата өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын жаштарды өнүктүрүүгө арналаган иштери бар. Төмөндө Кыргызстанда жаштарды өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы борборлор менен уюмдар тууралуу тааныштырабыз.
Жаштар борбору — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдында 2018-жылы негизделген. Борбор жаштардын демилгелерин өз алдынча жүзөгө ашыруу жана алардын маселесин чечүү боюнча иштерди алып барат. Негизги максаттуу тобу болуп 14-жаштан 28-жашка чейин жаш жарандар эсептелет.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы жаштар борбору: Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында бар.
Максаты – жаш муунга жаштар саясатын өнүктүрүүгө арналган иш-чараларды, жыйналыштарды, тегерек столдорду, конференцияларды, белгилүү ишмерлер менен жолугушууларды, мастер-класстарды ж.б. өткөрүү.
Жаштарды өнүктүрүү Институту (ЖӨИ) коомдук бирикме катары 2014-жылы түзүлгөн. Институт өлкөдөгү жаштар менен иштешүү жана жаштар саясатына көмөктөшүү боюнча алдыңкы уюмдардын бири. Ал, Кыргызстанды өнүктүрүү идеясын карманган активдүү жана кайдыгер эмес жаштарды бириктирет.
Коомдук бирикме байма-бай жаңы программалар, долбоорлор, кызматтар жана жаштар үчүн вакасияларды да сунуштап турат. Негизги кызматкерлери Бишкекте иштесе дагы, Институттун долбоорлору жана программалары Кыргызстандын бүткүл аймагын камтыйт.
IDEA CA бул дебат жаатында билим берүү кызматтарын көрсөткөн жаштар уюму. Ал өзүнүн ишине Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын активдүү жана аймактык жаштарын камтыйт.
IDEA CA жаштарды сынчыл ой жүгүртүүгө, демилгелүү болууга, ар кандай пикирлерди сыйлоого жана өз пикирин так билдирүү максатын көздөйт. Бул максат, Борбордук Азияда ачык жана тең укуктуу диалог маданиятын өркүндөтүүгө салым кошо алат.
Уюмдун багыттары кандай?
1. Мектеп парламенттери менен иштөө жана парламент өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
2. Медиа сабаттуулукту өнүктүрүү менен жарандык журналистика жана дебат технологияларын айкалыштырган жыл сайын медиа-лагерлерди өткөрүү;
3. Билим берүү тутумун колдоо аркылуу интерактивдүү методдорго жана жалпысынан формалдуу эмес билим берүүгө басым жасап, окуу программаларын жана модулдарын иштеп чыгуу.
IDEA Central Asia уюму жаштардын идеяларын ишке ашырууга багытталат. Борбор, 5 жылдан ашуун убакыттан бери интерактивдүү билим берүү, жаштардын активдүүлүгү, коомдук талкуулар жана дебаттар жаатында иш алып барат.
2015- жылан бери аталган уюмдун алкагында 5 000 адам дебат технологиясын үйрөнүп, алардын 500ү тренер болуп калыптанган.
Youth of Osh — Кыргызстанда 10 жылдан бери иштеп келе жаткан жаштар уюму.
Уюумдун максаты: жаштардын билимдүү, экономикалык жактан көзкарандысыз, жарандык позициясы так жана өлкөнүн өнүгүшүнө активдүү катышкан коомдо болуусу.
Уюмдун ишмердүүлүгүнүн багыттары:
1. Жаштардын лидерлигин жана ыктыярдуулукту өнүктүрүү;
2. Жаштарга жарандык билим берүү;
3. Жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү;
4. Жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү;
5. Тынчтыкты орнотууга салым кошуу.
Уюм жаштарга жаңы билимди жана турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, социалдык жана бизнес идеяларын ишке ашырууга жардам берет. Мамлекеттик органдар, парламент, жарандык жана ишкер чөйрөлөр менен кызматташтыкта жаштар саясатын өнүктүрүүдө иш алып барат.
Уюмдун ушул күнгө чейинки ишмердүүллүгүндө 27 миңден ашык жаштар ар түрдүү программалардын түздөн-түз катышуучулары болушкан. Алардын ичинен 200дөн ашык жаштар социалдык долбоорлорун ишке ашырышкан. 69 жаш өз бизнесин ачып, 175ке жакын жаштар туруктуу жумуш менен камсыз болушкан.
Айылдагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө умтулган Миң-Куш жаштар борбору
Айыл жаштары кандай иштерди жасай алат?
Касиет Кубанычбек кызы