Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз мезгилине карата даярдыктар жүрүп жатат. Бул иштерди аткарууда Куу-Майдан айылынын башчысы Кеңеш Асамидинов баш болууда. Атап айтсак, чоң арыктар жана суу кетүүчү арыктар тазаланды.

Тазалоого айыл тургундары ашар кылышып жардам беришти. Айыл өкмөт да колдоо көрсөтүп кээ бир жерлерине экскаватор колдонулду. Баары болуп 600 метрден ашык арыктар жана лотоктор тазаланды.

Кээ бир тургундар жерлерине ар түрдүү мөмө жемиштердин көчөттөрүн отургузушту. Эгин талааларына картошка эгилип, буудай, жүгөрү, арпа, беде сыяктуу эгиндердин үрөндөрү себилди. Ушул иштерди аткарууда иштеген тургундарга ПРООН тарабынан ун, май берилди.

Абдимитал Толубаевдин айтымында, «Өткөн жылы лотоктор тазаланбай суулар чыгаша болуп, эгиндерге суу жакшы жетпей жаткан. Быйыл буйруса талаадагы эгиндерден мол түшүм алабыз деп турабыз,»-деди.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева