Бирөө тамак берсе жейт, бербесе жебейт. Колу-буту эч нерсеси кыймалдабайт. Алгач мен ошол атага барып, тамактандырып келгенден кийин түнү бою уктабай чыккам дейт каарманыбыз Жеңишгүл Тоголокова. Төрт жылдан бери ал ыктыярчы болуп келет. Эмнеге? Коомго кайтарымсыз, эч кандай пайда көздөбөй салым кошкон адам менен ачык маек.
Жеңишгүл Тоголокова төрт жылдан бери ыктыярчы болуп келет
Бирөөнүн кароосуна муктаж адамдарга кол сунууну каалаган Жеңишгүл айым Улуттук “ Кызыл Ай” коомдук уюмунун карылар менен иштөө программасына катышат. Атайын окутуулардан өтүп, тандоого катышкан соң, ал багаар — көрөөрү жок, жалгыз бой ата-апаларга жардам берип, бата алууну ниет кылат.
“Менин ыктыярчылык тажрыйбамда орус же кыргыз, аял же эркек дебей кароого муктаж адамдарга барып колдон келген жардамыбызды бердик. Ар бир ыктыярчыга экиден улгайган адам бөлүнчү. Мага бир ата менен апа бөлүнгөн. Беш күн өзүмдүн жумушумду иштеп, алтынчы күнү ошол ата менен апанын үйлөрүнө барчумун. Алардын үйүн тазалап, азык-түлүк керек болсо, сатып келип, сейилдетип, алар менен сүйлөшүп, бирге убакыт өткөрүп, жалгыз экенин мүмкүн болушунча сездирбөөгө аракет кылчубуз. Мен аларга жакшы көрөөрүмдү, бир жума бою аларды ойлоорумду айтсам, алар менин ого бетер чыдамсыздык менен күтөт эле. Адамга жардам берсең, ушунчалык кубанат. Ал адамдын кубанып, жыргаганын көргөндө өзүңдүн жашооң, өмүрүң узарып жаткандай болот.”
Жеңишгүл айымды ыктыярчылыкка жетелеген турмуштук сыноолор болгон. Ал 2016-жылы бутун сындырып алып, көп убакыт балдак менен басып калат. Ошол күндөрдө ал адамдардын жардамына муктаж болот. Ооруну жеңип чыккан айым, жашоодо бирөөнө жардам берип, жакшылык кылууну каалайт.
“Мен бутумду кокустатып алып, балдак менен басып калдым эле. Ошол учурларда ар дайым көз-каранды болуп калат экенсиң. Кайсы бир жерге баруу үчүн дагы бирөөнүн жардамына муктаждык жаралат экен. Бирок, дайым эле жардам сурай бергенден да тартынасың. Ушул күндөрдөн катуу таасир алдым. Себеби, адам бирде болбосо бирде сөзсүз муктаж болот экен. Жакшылыкты бирөөнө суудай агызганда ошол жакшылык кайсы бир күнү кайра келээрин түшүндүм. Ошол үчүн болсо керек, мендей болуп муктаж болгон болсо мен жөн гана кайтарымсыз жардам бергим келди. Жашоомо көз жүгүртсөм убактым пайдасыз өтүп жаткандай болду. Ошондуктан, адамга жакшылык кылуу, жакшы нерсе менен бөлүшүп, өз жашоомо да кубаныч алып жашайын деген менин негизги максатым болду.”
Жеңишгүл Тоголокованын өздүк архивинен
“Мен барып, көмөктөшүп жүргөн апам бар эле. Ал тилекке каршы, каза болуп калды. Апаны эстеген сайын жүрөгүм ооруп кетет. Бир жолу ишемби күнү адаттагыдай эле анын үйүнө барсам, ал мага деп муздаткычка шоколад коюп койгонун айтты. Мен шоколадды элестетип барып, муздаткычтан таппай койдум. Ал муздаткычтын тоңдурган бөлүгүнө кагазга ороп салып койгонун айтты. Карасам чын эле кичинекей шоколад экен. Анан калса апа аны кагазга ороп, дүйшөмбү күнү салып, ишемби күнү келсе жесин деп мага арнап отуруптур. Ошол кичинекей шоколадды өзү деле жеп койсо болот да. Бирок мени ойлоп, мага деп беш күн бою сактап койгону абдан таасир берди. Ал апага мен абдан көнүп калган экенмин. Аны жоготуу мен үчүн чынында кыйын болду. Дээрлик бир жарым жылдай апа түшүмө кирип, кыйналган учурум болду. Анткени, дээрлик тогуз ай апага барып жүрүптүрмүн.”
Ыктыярчылар алгач кимдир бирөөгө көмөк көрсөтүү үчүн барганда өздөрүн тааныштырып, телефон номурларын калтырат. Коомдук уюмдун формаларын кийип, таанышууда тиешелүү маалыматтарды билдирген менен көпчүлүк кары адамдар ишене беришпейт дейт каарманыбыз.
“Негизи улгайган, жалгыз жашаган адамдар сактанып турушат. Мени алгач барганда апа абдан текшерген. Жашоодо ар кандай нерсени көргөн экен. Сүйлөшүп жатканда да текшерчү. Анан бир күнү колумду кармап алып, менден жакшы адамды байкаганын билдирди. Өзүңө пайда таппай, бардык нерсени чын жүрөктөн кылат экенсиң деп айтты. Мындан көп өтпөй туугандары келип, апа, оңой менен жүрөгүн ачпайт эле, сен кантип жүрөгүнүн ачкычын таптың деп таң калышты. Чын жүрөгүмдөн апага жардам бергим келген. Апа аны сезет деп күлүп койчумун. Ал апа көзү көрбөй, кулагы жакшы укпай, керебетте гана жатчу эле. Эми ал адам жөнүндө баардык нерсени айта албайбыз. Атайын айтпай турчу нерселер дагы бар. Апа учурунда турмушка чыккан эмес экен. Балдары жок болчу. Туугандары келип турчу. Негизи ыктыярчы болгон оңой деп ойлошот. Көбүнчө оюн-зоок ар түрдүү программалар болот эмеспи. Мен үчүн ыктыярчы – бул өзүңдү башкалардын жакшылыгы үчүн курмандык кылуу.”
Жеңишгүл айым коомдук иш-чаралардын биринде
“Дагы бир атаны карадым. Ал өзү эч нерсе кыла алчу эмес эле. Бирөөнүн жардамына абдан көз-каранды. Бирөө тамак берсе жейт, бербесе жебейт. Сүйлөп гана берет. Колу-буту эч нерсеси кыймалдабайт. Алгач мен ошол атага барып, тамактандырып келгенден кийин түнү бою уктабай чыктым. Көз алдымдан анын элеси кетпей койду. Ошондо, алты саныбыз аман туруп кээде жашоого наалат айтып, нааразы болгонубузга таң бердим. Ошол күн менин ички дүйнөмө чоң өзгөрүүнү алып келди. Мен бүгүнкү жашоомо, ден-соолугума ыраазы болгонду үйрөндүм. Ал ата дайым мени күтүп турчу эле. Ага тамак берип, маектешип көбүрөөк күлдүргөнгө аракет кылчумун. Негизи ооруп жаткан адам менен сүйлөшкөндү да билишибиз керек. Алар биздин ар бир сөзүбүзгө сезимтал келет. Туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Ошондуктан, улгайган, ооруган адамдар менен мамиле түзүү процесси оңойго турбайт.”
Ыктыярчы болгон бул жылдар аралыгында Жеңишгүл айым ар турдүү курактагы, улуттагы адамдар менен мамиле түзгөндү өздөштүрүп, конфликтти чечүүнү үйрөнгөнүн баса белгилейт. Анткени, улгайган адамдардын ачуусу тез келип, урушуп коет. Ал эми ыктыярчылыкта алардын көңүлүн көтөрүүгө жоопкерчилик болот. Бул нерсе кечиримдүү болуп, тартынчаак мүнөздүн жоюлушуна, адамдарга жакын болууга себеп болгон.
“Алтымыш жаштан өткөндөн кийин пенсияга чыгып үйдө отурган ата-апалардын жашоосунда чоң өзгөрүү болот экен. Аларда “эч кимге керегим жок” деген сезим күч алып, жалгызсыроо пайда болот. Ал эми адам иштеп жүргөндө коомго, үй-бүлөмө пайда алып келип жатам деген түшүнүктө болуп психологиялык жактан кыйналышпайт. Иш менен алек болуу аларда жашоого үмүт берет экен. Пенсияга чыккандан кийин аларда ар түрдүү ой-толгоолор күч алып, ойлорун бөлушкүсү келет экен. Мисалы, бир үй-бүлөнүн жашоосун алсак, уул-келини иштейт. Апамдын курсагы ток, кийими бүтүн, көңүлү жайдары деп ойлойт. Мындан улам, мен кыргыздын каада салты туура экен деп ойлоп калдым. Чоң ата, чоң апалар небере өстүрүп, аларды тарбиялашат эмеспи. Адамдын табияты бирөөгө жардам берүү экен. Улгайган адамдар небере менен жанданып, жашарып, жашоого болгон сүйүүсү күч алат экен.”
Жеңишгүл Тоголокова: Жакшылык кайтып келет…
“Менин оюмча адам бири-бирине жакшылык кылуу үчүн жаралган. Ошол функцияны биз аткарганда жан-дүйнөбүз эс алат. Кореяда жүргөндө адамдардын бири-бирине кылган мамилесин көрүп суктангам. Ошондо, мындай нерсени биз да кыла алабыз. Мен өзүмдөн баштайынчы дегем.”
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Ыктыярчы болууну каалагандар үчүн 6 уюмдун тизмесин сунуштайбыз
Жаш ыктыярчылар шаарды дезинфекциялашты
Касиет Кубанычбек кызы