Төлөк айылында жеке ишкер Жакшылык Мелисбек уулу атайын мал жаныбарларды кармап байлап, сатыкка чыгарат. Саткан малынын акысын кайра жем-чөпкө сарптайт. Малдарга ылайыктап айыл жергесине короо куруп малдарды багат.
Жеке ишкер Жакшылык Мелисбек уулу:
«Бала кезимден эле мал менен аралашып жүргөнүмө байланыштуу мал чарбасы менен алектенем. Сарайда чарбачылыкка деген малды өзүнчө багабыз. Ал эми айылда атайын бизнес кылууга ылайыктап чакан мал байлоочу сарайча куруп алгам. Бул ишти карантин болгондон бери баштап келе жатам. Алгач бодо малдарды багуу менен баштагам. Бодо малды багууда көп түйшүк керектелет, аны менен катар кенен жер керек болот экен.
Андыктан, жалаң гана бодо мал кылбай майда мал жандыктарды да кошо баштадым. Малды байлайбыз, аны союп этин экспорттоп сатам. Мал байлаганда суусун, жем-чөбүн убагында кечиктирбей берүү зарыл. Ошондой эле, жем-чөптүн да бере турган көлөмү болот. Мал эт алып семириш үчүн болгону баарын өз убагында кылган жакшы.
Төлөк айылы малга жакшы жер болгондуктан баары эле мал менен алектенишет, мен да атайын мал байлоону ылайык көрдүм. Мал багууда да көп түйшүктөрү бар, ага атайын бир бош адам керек. Менин убактым бүт эле байлаган малдарга көңүл буруу менен өтөт. Карантинден бери малдын баасы ырас жогорулап калды, бирок антейин десем айылга чөп жетишерлик чыкпагандыктан, сатып келүүгө туура келет, ошондуктан чөп менен жемди сырткы айылдардын сатып келебиз, алардын баасы дагы дээрлик кымбаттады, бөтөнчө быйыл аябай кымбат болду.
Анын үстүнө дагы оору жүрүп жаткандыктан, азыр багыш, аны сатуу деле кыйын болуп калды. Базар бирде кымбат болсо, бирде түшүп кетип эмгегиң текке кетет. Ошону менен бирге ар бир иштин түйшүгү да бар, жыргалы да бар.

Жеке ишкер Жакшылык Мелисбек уулу
Кээде айылда деле майда жандыктарга суроо-талап болуп калат, акылдашып кээ бир малды айылдан деле сатып жиберем. Кышында жакшы багылган мал жазында жакшы өтөт. Буюрса бул бизнесимди кеңейтсемби деген тилектерим бар. Короону алгач чоңойтуп алсам, мал жандыктарды да көбөйтүп, аларды учуру келгенде районго эле эмес шаарга чейин алып барып сатсамбы деген тилектерим бар. Бул ишти кылууда актайбы деген суроолорду көп беришет, жакшы бакса жакшы эле актайт. Үй- бүлөлүк керектөөбүзгө аябай эле чон таасирин берет»,- дейт.

Азыркы учурда бодо мал сатыккы чыгып кетткендиктен жеке ишкер кой менен алектенүүдө
Айпери Марлес кызы