Ак-Талаа районунун Баетов айылында кыргыздын улуттук ордо оюну боюнча район биринчилиги болуп өттү. Мелдешке район аймагындагы айылдардан командалар катышты.
Ак-Талаа районунун спорт инструктору Улан Доктурбек уулунун маалыматына караганда аталган мелдеш кыргыздын улуттук оюндарына жаны келе жаткан муунду кызыктыруу жана оюнду жайылтуу максатында өткөрүлдү.
«Мелдешке катышкан 9 команда ордо оюну боюнча жакшы даярдыктарды көрсөтүштү. Жаштардын оюнга кызыгуусу дагы абдан жакшы экен» деди.
Жыйынтыгында, 1-орунду Ак-Кыя айылынын командасы, 2-орунду Жаңы-Тилек айылынын командасы, ал эми 3-орунду Терек айылынын командасы камсыздады.
Жеңүүчүлөргө Нарын облусттук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан диплом жана медалдар тапшырылды. Мындан тышкары, «Мыкты торумакчы», «Мыкты топ бузар», Мыкты чертмекчи» жана «Жаш оюнчу» номинациялардын ээлери аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Окуучулар кышкы каникулун спорттук оюндар менен өткөрүүдө
Акбар Кеңешбеков