Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу «Жал»айылдык ооруканасынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду каржылаган бейтаптардын укуктары жөнүндө Кызыл-Булак мультимедиа борборунда «Демократия сааты» уктуруусу болуп өттү.
Кызыл-Булак мультимедиа борбору тарабынан Демократия сааты радио уктуруусу болуп өттү. Айылдык оорукалардагы милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан кимдер каржылангандыгы жөнүндө бейтаптардын укуктары жөнүндө талкуу болуп өттү. Талкууга конок катары №16 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун улуу мээрман айымы Сабирова Минажат, ушул эле оорукананын медайымы Ашимова Уулкан, №16 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунун медайымы Маманазарова Айнура келип катышты. Сабирова Минажаттин билдирүүсүнө караганда милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө, пенсия жашындагы улгайган адамдарга, мектеп жашындагыларга, мектепке чейинки балдарга, мектеп жашындагыларга мите курттарга каршы дарылар, кош бойлууларга да дарылар берилерин билдирди. Андан сырткары, Ашимова Уулкан камсыздандыруу полиси аркылуу бир жылда бир жолу паспорттун негизинде мектепти бүткөн окуучуларга берилерин айтты. Бул полис аркылуу бир жыл бою акысыз милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан дары- дармектер менен камсыз болорун билдирди.
Даярдаган: Дарбишева Айлар, Жалалова Таңнуру