Кулатов айыл өкмөтүндө 2020-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү. Коомдук угууга жалпы 132 жаран катышты. Коомдук угууга Кулатов айыл өкмөттүн өкүлдөрү, Кулатов айыл өкмөтүнүн дин кызматкерлери, бюджеттик коомдун өкүлдөрү, жалпы тургундар катышты. 2020-жылга бюджеттин негизги кирешелери боюнча Кулатов айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Зулпуев Алмаз слайд аркылуу пайыздар менен маалымат берди.
Кулатов айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджеттин негизги киреше бөлүгүнүн булактары боюнча маалымат берди. Жаратылыш ресурстарынан түшкөн салык 54,7 %түзөт. Кыймылдуу мүлкөн түшкөн салык 2,2% түздү. Азыраак маанидеги кирешелерден түшкөн салык 4,9%, Лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдөрдөн түшкөн салык 3,6% Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн салык 3.7%, тендештирүү гранттан түшкөн 13.00% киреше салыгы 13.6% ды түзгөндүгү боюнча Кулатов айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Зулпуев Алмаз маалымат берди. 2020-жылга бюджеттин азыраак маанидеги кирешелеринин суммасынын чечмелениши тууралуу да айтты. 2020-жылга функционалдык классификация боюнча негизги чыгашаларды да пайыздык тартипте маалымат берди. Коомдук угууга катышкан тургундар тарабынан сунуш пикирлер,суроолор берилип тиешелүү жоопторду алышты. Берилген суроолор уктуруунун томтомуна жазылып, анын каралаарын Айыл өкмөт башчысынын орун басары Көчкөнов Данияр айттып өттү.
Кулатов айыл аймагында 2020 жылга бюджеттин долбоорун презентациялоо
Даярдаган: Кожоева Асылкан, Жалалова Таңнуру