11-апрель Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Оттук жана Казан-Куйган айылдарынын тургундары активдүү катышышты. Айылдагы шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүгү жаштар шайланды. Шайлоо тууралуу УШКнын төрагасы Курманбек Асеков төмөндөгүдөй билдирди.
«Шайлоо күнү ар бир жараан өз милдетин аткарып, шайлоо участокторуна келип катышып, өз добуштарын берип кетишти. Шайлоо учурунда эч кандай катачылыктар, чыр- чатактар кеткен жок, бизге жогору жактан кысым көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, шайлоо участокторуна айыл өкмөттөн бардык керектүү каражаттар камсыздалып жатты. Атайын движоктор алынып келинди. Өрт өчүрүүчүлөр да дайыма даяр турушту. Участокторду дезинфекция жүргүзүү үчүн айылдык оорукананын медициналык кызматкерлери да өз салымын кошушту. Шайлоонун жыйынтыгы абдан жакшы болду. Өзүбүз каалаган жаш талапкерлерли шайлап алдык.»
Акылай Алмазбекова