Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылдык китепканасында айыл эли үчүн зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар өтүлдү. Семинарды Казан-Куйган айылынын айылдык кеңешинин депутаты, Аялдар кеңешинин төрайымы Зуура Токтакунова жана китепканачы Аксана Бердибекова өтүштү.
Бул семинарда айыл тургундары зомбулуктун түрлөрүн, алдын алуу жолдорун, ишеним телефондору тууралуу кенен маалымат ала алышты. Алардын айтымында сексуалдык зомбулуктун алдын алып токтотуу үчүн биринчи кезекте коомду тарбиялоо маанилүү. Тартип жана мыйзамдын катуу каралышына жол салуу экинчи керекте турат. Ал эми кылмыш кылган адамды эркинен ажыратып коюу жетишсиз деп эсептешкен. Алар кылмышкерге карата аёосуз жаза берүү керектигин баса белгилешти.
Семинарга мугалимдер, социалдык адистер, айылдык кеңешинин депутаттары катышып, тема боюнча кызуу талкуу жарата алышты.
«Бул семинарды биз зомбулукту алдын алуу максатында уюштура алдык. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар зомбулуктун түрлөрүн, алдын алуу жолдорун, ишеним телефондору тууралуу билимдерге ээ болушту. Катышуучулар тарабынан абдан кызуу талкуулар уюшулду. Катышуучулар өз пикирлери менен бөлүшүп, азыркы заман менен мындан 10-20 жыл мурунку жашоо турмушту салыштырып көрө алышты. Мисалдардын негизинде балага туура тарбия берүү керектигин баса белгилеп айта алышты. Катышуучулар коомдун калыптанышына эң биринчи кезекте үй-бүлөдөгү тарбия, андан соң бала бакчадагы тарбия, кийин мектептеги тарбия өтө маанилүү экенине ынанышты. Себеби, балага бир эле ата-эненин тарбиясы жетишсиз, балага жалпы коом туура тарбия берип, туура багыт көрсөтүшү керек»,-дейт Зуура Токтакунова.
Наиля Жанарбек кызы