Төлөк айылы алыскы тоолу аймакка кирет. Ал жактын климаты суук болгондуктан дыйканчылык кылууга мүмкүн эмес. Бирок кышында малдарга бир аз болсо да тоют камдап алуу мүмкунчүлүгү бар.
Картошка, буудай, арпа быша бербеген Төлөк айылында кышка камылга сентябрь айында аяктап калат. Айрымдары арпаны чала бышпаган бойдон малга чөп катары чаап алышса, айрымдары табигый чөптөрдү чаап алышат. Шарты барлар жакынкы айылдардан ижарага жер алышып, арпа, беде айдап күзүндө жыйнап алышат. Айылдын жер адиси Алтынбек Асыранкуловдун айтымы боюнча быйыл тоют алуунун көлөмү жылдагыдан аз.
«158гектар жерге арпа чөп (бийке) айдалган, суунун тартыштыгынан 128гектар жер пайдаланылбай калды. Жалпы суу баскан жер 177гектар болсо, кайрак жер 286гектарды түзөт. Ал эми техникалык каражаттар айылда аз болгондуктан сырттан 5 чөп чабуучу техника, 3 чөп пресстөөчү техника келди. Жайлоодон малдардын качып келиши күч алгандыктан айыл ичиндеги айдоолор толугу менен жыйналып алынды, ал эми сырттагы айдоо жерлер жаңыдан башталып жатат»,-дейт жер адиси боюнча «Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн кызматкери Алтынбек Асыранкулов.
Бурул Майрамбек кызы