Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын.
Терек-Суу айылында окуучулар арасында жүрүш болуп өттү. Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи болуп жаткандыктан окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып базышты.
Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана УОСтун, РЭСтин, Соц. Фондтун, жана ПОМдун жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Бул жыйынга Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Советбек Нуржанович жана Терек-Суу, Чон-Арык айыл тургундары катышты.