Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: akbakaikm

Чоң-Арыкта биогаз чыгарган Шаршенбек

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.

Чоң-Арыктагы бильярд клубу

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.

Чоң-Арыкта кышкы каникул кандай өтүп жатат?

28-декабрдан 11-январга чейин мектеп оуучулары жана мугалимдери кышкы каникулга чыгышкан. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын мектеп окуучулары жана мугалимдери каникулда кандай эс алып жатышат?

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Жээналиев менен маек

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Жээналиев 2014-жылдан бери бул кызматта иштеп келет. Бул убакыт аралыгында аткарган иш аракеттери жана мындан кийин бул кызматта эмгектенүүнү каалайбы-жокпу, маегибизден таанышыңыз.

Чоң-Арык: Окуучулар ЖРТга кандай даярданып жатышат?

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.

Чоң-Арык: «Тамашоу» шайыр тапкычтар клубунун мыктысы аныкталды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.

Чоң-Арыкта «Манас таануу» интелектуалдык таймашы болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.

Чоң-Арыкта пенсия кандай таратылууда?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жалпы 200дөн ашуун пенсионер бар. Пенсияларынын кандай таратылып жатканы боюнча алардан сурап билип көрдүк.

Сурамжылоо: Жаңы шайланган айыл депутаттарынан эмнени күтөсүз?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын депутаттары 11-декабрь күнү шайланып, жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышкан элек. Бул материалда айыл тургундары ошол депутаттарды эмнени үмүт кылып шайлаганын сурап көрдүк.

Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы кандай болууда?

Кыш мезгили келип, элдин баары көмүр жагып жатат. Токтогул районунун Чоң-Арык айылында көмүрдүн баасы сатуучулар менен алуучуларды канааттандырып жатабы, жашоочулардан сурап көрдүк.

Чоң-Арыкка маршрутка каттай баштады

Чоң-Арык айылынан Токтогулга жаңы №425-маршрутка каттай баштады. Эми айыл тургундары районго 50 сом менен барып калышты. Буга чейин айыл тургундары Токтогул шаарчасына 100 сом жол кире төлөп каттап келишкен. 

Сурамжылоо: Депутат болдуңуз, эл үчүн кандай жумуштарды жасайсыз?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жаңы тогуз депутат шайланды. Алар 18 талапкердин арасынан тандалып алынды.

Чоң-Арыктын балчысы Бексултан Асанбеков

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну Бексултан Асанбеков 15 жылдан бери балчылык менен алектенип келет. Анын иши тууралуу кыскача маек курдук.

Чоң-Арык айылындагы тегирменчи

Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы тегирмен кызматын көрсөткөндөр аз. Аларды бири Нурлан Атабековдун тегирменине баш бактык.

Терек-Суу айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы таңкы саат 08:00дөн, 17:00гө чейин шайлоонун жүрүшүнө көз салып отурду.

Сурамжылоо: Айылдык кеңешке депутат болуп шайлансаңыз, кандай иштерди аткарасыз?

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден “Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?” деген суроону узатып, алардын айыл үчүн ишке ашыра турган ой-максаттарын угуп көрдүк.

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы менен маек

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасы Канжарбек Байтиков менен маек курду.

Терек-Суунун демилгелүү “Жети-Суу жаштары”

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаштарынын демилгеси менен “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмеси түзүлүп, тургундарга ар кайсы жактан жардам көрсөтүүдө. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы коомдук бирикменин максаттары, иш-аракеттери тууралуу анын төрагасы Гүлжигит Кудабаев менен …

Терек-Суу айылындагы авариялык абалдагы мектеп качан оңдолот?

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын  окуучулары бул мектептен билим алып келишет.

Чоң-Арыкта жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Токтогул районунун Чоң-Арык айылында даярдыктар жүрүүдө. Айылда жалпысынан депутаттыкка 18 адам талапкерлигин койгон, аларга добуш бере турган 1750 шайлоочу бар.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...