Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: uchkunkm

Учкун айылында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өттү

Нарын районуна карштуу Учкун айылында  Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы (Global Money Week-2018) деген долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдар аралыгындагы иштер боюнча отчёт берилди. Чогулушка жалпысынан 300 гө чукул ата-энелер …

Учкун айылынын 8-классынын окуучусу отун жарган шайман жасады

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Бекмырза Нурлан уулу электр тогу менен отун жаруучу шайман жасады. Отун жарган шайман менен “ Интелектуалдуу окуучу ”  сынагына катышып …

6-классынын окуучусу Манасты бир жашынан баштап айтып келет

Нарын районуна караштуу Учкун  айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 6-классынын окуучусу Камчыбек Бактыбек уулу бир жашынан бери Манас айтып келет. Камчыбек өзгөчө үнү, кыймылдары менен атаандаштарынан айырмаланып бир катар сыйлыктарга жетишкен.

Учкун: Чынылардын жардамы менен музыка чыгарган айым

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин физика мугалими Рахат Бозгунчиева кадимки чай ичкен чынылардын жардамы менен музыка чыгарат. 

«Гүл баян» тобу облустук деңгээлдеги»Манас Таануу» таймашынан баш байгени алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлмира Жумагулова 6 жылдан бери окуучуларды «Манас Таануу» интеллектуалдык таймашына даярдап келет. 24-мартта «Гүл баян» аттуу топ облустук …

Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окууга жолдомо алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү. 

Жаңы шайланган аким Учкун айылына келди

Бүгүн Нарын районуна караштуу Учкун айылына жаңы шайланган акими Семетей Черикбаев келип, айыл тургундары менен таанышып, айылдын көйгөйлүү  маселелерин угуп, убада берип кетти. Аталаган чогулушта эң маанилүүлү көйгөй болуп таза …

Учкун: Айыл үчүн ак кызмат кылган атуул

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы «Жаштар уюмунун» мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты Рысбек Үсөнов айылдын өнүгүүсүнө көптөгөн салымын кошуп, активдүү тургундарынын бири.

Эшбай Токсобаевдин өмүр чыгармачылыгы КТРК каналында көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.

Учкун айылындагы эски мектеп жылыбай жатат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …

Учкун айылына  КЕДР маркасындагы жаны техника келди

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Азатбек Мукулов жаңы карагай тилүүчү шайман алып келди. Анын өзгөчөлүгү колдонууга жеңил жана сапаты мыкты экенин айтты. Карагай тилгичти мындан бир жыл мурун Ысык-Көл …

Интерактивдүү доска мектепке жеңилдик алып келүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине мугалимдердин сабак өтүүсүнө жеңилдик алып келүүчү интерактивдүү доска алынып келинди. Жалпысынан 70 000 сом акча каражаты сарпталган. 

Сүрөт баян: Кыш мезгилинин кереметтүү көз ирмемдери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян  менен сунуштайбыз. 

Учкун айылынын мугалими «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев мектебинин биология мугалими Назгүл Апилова “Марал” радиосу интернет аркылуу жүргүзгөн тандоодо «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду.

Кызамык оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Учкун: Куланак жана Учкун айылдарынын көйгөйлүү маселелери боюнча долбоордук жыйналыштын жыйынтыгы

Нарын районуна караштуу Куланак айылында айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча 26-аянварда долбоордук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары катышып, көйгөйлүү маселелерди презентациялап беришти жана эки айыл боюнча жалпы …

Айдайдын дилбаяны республикалык сынакта эң мыкты аталды

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 11—классынын окуучусу Айдай Темирбекова Улуттук тил комиссиясы тарабынан уюштурулган, “Адеп адамдын көркү” аталышындагы конкурста республикадан дил баяны 16 эң мыкты дил баяндын катарына …

Учкун айылында жалгыз дарыкана элге кызмат кылат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет. 

Айыл тургуну Мээрим комузду нотасыз чертүүнү өзү өздөштүргөн

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

Республиканы багындырган спортчу Ислам Көчөрбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...