Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Сентябрь 2018

Куланак айылында бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү белгиленди

Азыркы учурда бүткүл дүйнө тазалык үчүн күрөшүп, көптөгөн иш аракеттерди жасашууда, мисалга алсак жума сайын өтүлүүчү ишембиликтер.

Бакай-Ата айылынын тургундары насыя тууралуу маалымат алышты

18- сентябрь күнү Бакай-Ата радиосунун толкунунда “Демократия сааты” программасы болду. Эфирдин алкагында насыя алуучулардын маселелери тууралуу талкууланды. Программанын коногу болуп  Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Аскарбек …

Сүлүктүдө 150 жылдыкка даярдык жүрүүдө

22-сентябрь күнү өтүлүүчү Сүлүктүнүн 150 жылдык мааракесине карата даярдык кызуу жүрүүдө.

Мектеп окуучуларына китеп жетишпейт

Жаңы окуу жылы башталышы менен мектептеги окуу курал маселеси да жок эмес. Биз бул чыгарылышта Кара-Суу орто мектебинде окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси кандай болгондугуна кызыгып, мектептин китепканачысы Айниза Абдрасуловага …

Айылда жаңы электр кабелдери орнотулууда

Жайыл районунун Кара-Суу айылында быйыл керектүү иштер аткарыла баштады. ФАПтын имараты курулуп жатат жана 1960-жылдары курулган электр зымдары которулуп, жаңы цемент устундар жана кабелдер тартылып жатат.

Суусамыр айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп жатат

Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен. 

Мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Тогуз-Торо районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

15-сентябрь “Бүткүл дүйнөлүк тазалоо” күнүнө карата Тогуз-Торо районунда дагы ишембилик өткөрүлүп,тазалоо иштери  жүргүзүлдү.

Элечек кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими

  Кыргыз кийиминин, анын улуттук озгочолукторунун калыптанышы элдин этникалык тарыхы менен ажырагыс байланышкан. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табигый жагдайлар, кыргыздын урук-уруу топторунун кочуп- конуусу, соода байланыштары, ошондой эле ботон элдер менен …

Суу чыкпаган кайрак жерди алма бакка айлантууга аракет кылган Ишенбек Шеримбеков

Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну  Ишенбек Шеримбеков суу чыкпаган, кайрак жерге, тамчылатып сугаруу системасы аркылуу 500 түп алма багын отургузуп өстүрүүдө.

Элди кызыктыргын этно базар

 Кыргызстанда 2018-жылдын 2-сентябрында Кочмондордүн дуйнолук III оюндары башталып, 8-сентябрда аяктады. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча отту. Ага дуйнонун 80ден ашык олкосунон 3000дин …

Кыргыз сомуна 25 жыл!

Быйыл кыргыз сомуна 25 жыл толду. 25 жыл ичинде кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун далилдеп, күндөн-күнгө коргоочу элементтери жакшырып, атүгүл акыркы чыгарылган 2000 сомдук валюта Эл аралык сынактарда “Эң мыкты” аталды.

“Коомдук интернет” долбоору Суусамырда

Суусамыр радиосунун түз эфиринин «Демократия сааты» программасында “Коомдук интернет” долбоорунун өкүлдөрү Эржигит Имамов жана Исабек Асанбаев Суусамыр айылындагы интернет байланышы тууралуу кенен маалымат беришип, маек курду. Программанын жүрүшүндө  коомдук интернет …

Жараткан ар бир энени баласынан айрыбасын.

Жашоодо  тушко кирбеген нерселер болот экен.  Жыйырма тогузга жаныдан толуп, уйлонгонуно сегиз айдын жузу болгон жан баламдан айрылып олтурам.

Айылда ФАПтын имараты курула баштады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курула баштаганына аз убакыт болду. Учурда дубалдары жана чатырлары тургузулуп жаткан убагы.

Айылда жаңы долбоор жазылып баштады

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын тургундары менен бирге жаңы долбоор жазуунун үстүндө иштөөнү башташты.

Беденин уругу быйыл жакшы түшүм берди

Кара-Суу жана Ставропол айылдарында беденин уругун жыйнап алуу уланып жаткан учур. Дыйкандар быйыл жакшы түшүм алып жатышат.

Сүлүктүлүк ишкер кыргыз-орус бизнес форумуна катышууда

Сентябрь айынын 14-15 күндөрү өтүлүүчү Кыргыз-Орус биргелешкен бизнес форумуна, сүлүктүлүк ишкер Исманали Карабаев катышып жатат. Форумда жеңил өнөр жай, айыл чарба жана өндүрүш тармактары боюнча бизнести эки тараптуу өнүктүрүү каралууда. 

Базар-Коргон районунда август кеңешмеси өттү

Базар-Коргон районунда август кенешмеси болуп өттү. Август кенешмесинде райондогу мектептердин жетишкендиктери, салынып жаткан жаны бала бакча, мектептер жөнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов билдирди.

Мектепте биринчи жолу президенттик шайлоо болду

Бүгүн 12 — сентябрь күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде  биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү.  Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим болду. Шайлоого  10-11 …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...