Кулатов айыл өкмөтүндөгү 2020-жылдагы эл каттоого карата кызуу иш аракеттер жүрүүдө. Буга далил катары айыл аймагындагы борбордук жана ички көчөлөр такталып, белгилүү адамдардын ысымдары берилип, ар бир үйгө номерлер менен камсыздоо иштери аяктап калды. Үстүбүздөгү жылдын 21-мартынан 1-апрелине чейинки элди жана турак жай фондун каттоо боюнча Кулатов айылдык координатору Эшматов Тимурлан жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жээнбаева Аида айымдар эл каттоо тууралуу маалымат беришти.
Кулатов айыл өкмөтүндө элди жана турак жай фондун каттоо үчүн 95 адам тартылган. Алардын ичинен 1 координатор, 9 инспектор, калган 85 и катточу болуп шайланган. 23-февралдан 29-февралга чейин Ноокат районуна барып, эл каттоо боюнча билим алып келишет. Окуп келүү үчүн жол акысы жана тамак аш үчун мамлекет тарабынан акча каражаты каралбайт. Координаторлор, инспекторлор жана катточулар үчүн каттоо башталган учурда мамлекет тарабынан айлык караларын билдирди Кулатов айыл өкмөтүнүн эл каттоо жана турак жай фондунун координатору Эшматов Тимурлан.
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жээенбаева Аида айымдын билдирүүсүнө караганда «Элди жана турак жай фондун каттоо боюнча 2018-жылдын 5-январында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан №01 буйругунун негизинде иш алып барып жатабыз. Биз айыл өкмөттүн 5-январында №20-буйругун иштеп чыгап, аткарууга алганбыз. Эл каттоо боюнча даярдыктар кызуу жүрүп жаткан учуру. Айыл аймагындагы борбордук жана ички көчөлөргө ат берилип, номерлер менен камсыз болду. Андан сырткары, 10 жылда бир жолу болуучу эл каттоо мурункудан айырмаланып, каттоо учурунда калк жана кыймылсыз мүлктөр баары компьютерге түшүрүлөөрү каралган».
Каттоочулар мамлекеттик кызматта иштесе, алардын айлык акылары сакталарын да айтып кетти.
Даярдаган: Матраимова Айиса, Жалалова Таңнуру