Кенже класстагы окуучулардын туура, витаминдүү тамак-аштар менен тамактануусу-алардын жакшы билим алуусуна өбөлгө түзөт. Анткени өз убагында туура, витаминдүү тамактанган курсагы ток бала сабакты да жакшы өздөштүрөт, сынчыл ой жүгүртө алат, сабырдуу, тарбиялуу инсан болуп тарбияланат. Мына ушундай максатты камтыган алгачкы класстердик жолугушуу ата-энелер менен бирдикте Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү.
Ага Ак-Талаа районундагы мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышты. Ошондой эле аталган жолугушууга коңшу Тогуз-Торо районунан да билим берүү тармагынын өкүлдөрү чакырылган.
Мектеп директору Талант Саягалиев: «Балдардын билим алуусунда туура тамактануу маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты-окуучулардын көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн позитивдүү тарбияны түзүү ыкмаларын жана техникаларын, ошондой эле шыктандыруучу чөйрөнү түзүү болуп саналат” дейт.
Жолугушуу келген меймандарга мектеп тууралуу кыскача баяндама менен башталып, андан кийин башталгыч класстардын окуучуларынын шар окуу көндүмдөрүн арттырууга арналган ачык сабактар менен улантылды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев: «Мугалимдер бүгүнкү күндүн баатырлары. Өз каражаттарына окуу бөлмөлөрүн дайыма жасалгалап, келечек ээлерине терең билим бериш үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келе жатат. Бүгүнкү сиздер жасаган эмгек эртеңки күнгө жол салат” деди өз сөзүндө.
Токтокүл Осмокееванын айтымында «Позитивдүү тарбия» долбоору «Мерсико» уюмунун туура тамактануу боюнча долбоорлорунун бири болуп саналат. Учурда Ак-Талаа районунан беш мектеп кирген жана Т.Осмокеева ал долбоордун Нарын облусундагы өкүлү.
Даярдаган: Барчын Мамыбекова