Ак-Талаа районундагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейде Нооруз майрамы белгиленип, ага райадминистрациянын адиси Жайдарбек Сыдыков, ардагер Жаныш Карасартов, лицейдин директору Элмира Алымбекова, мугалимдер жана курсанттар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Ноорузга карата чакан сценка коюлуп, аркан тартыш, таяк тартыш, чака чапмай, кап менен жарышмай сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.
Майрамдык иш-чаранын соңунда өлкөнүн тынчтыгы үчүн бата тиленди.
Акталаада Нооруз майрамынын салттуу тамагы сүмөлөк даярдалууда
Барчын Мамытбекова