Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын жашоочусу Турду Эргешова жалгыз жашоодо. Жолдошу ооруга чалдыгып калгандыктан улам Ошто кызынын колунда даарыланып жатат.

Турду эненин балдары жаш кезинде эле түрдүү оорулардан жана коншусунун колунан каза болгонун айтып кайгырды.

Учуда Турду эне абышкасы менен бир кызы бар. Жолдошу ооруга чалдыгып калгандыктан улам Ошто кызынын колунда даарыланып жатат.

Айтымында, жолдошу экөөнүкү биригип он миң сом пенсия алат. Каражаттын көбү жолдошунун даары-дармегине жана тамак-ашына кетерин айтат.

Жерлерин куру калтырбайт, үйүндо 30 сотик жерине жүгөрү эгет. Бирок анын да түйшүктүү иштери көп болгондуктан өзү жасай албайт. Мектептин окуучулары барып жасап берет. Турду эненин эң кубанган жери мектеп директорунун окуучуларды берип турганы.

«Өкмөттөн да жардам жок, кышында көмүрдү да өзүбүз сатып алабыз. Жашообуз ушундай», — дейт өз сөзүндө Турду Эргешова.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн