Терек-Суу айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү жол маселесин айтышкан. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.

Айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүгү жол маселеси көйгөй жаратууда дешти. Бул тууралуу оюӊузду айтсаӊыз?
— Жол маселеси абдан көйгөйлүү маселелердин бири. Анткени шаар аралык жолдор, айтсак, Токтогул — Беш-Тал авто жолу республикалык бюджеттен каржыланат. Ошого байланыштуу бул маселени тийиштүү органдар транспорт жана коммуникация министрлиги тейлейт. 2014-жылы 7 километр авто жолу асфальтталды, 2015- жылы 2 километр жолго асфальт төшөлдү. Ал эми 2016-жылы 1 километр авто жолду асфальттоо пландалууда. Жакында ишке ашат деп бизге министрликтен кабарлады.

Жолду оӊдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатабы?
— Ал эми айыл ичиндеги муниципалдык жолдор жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Буга чейин жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгынан айыл ичиндеги жолдор оӊдолгон эмес. Быйыл бюджеттен 131000 сом акча каражаты каралып, Чоӊ-Арык — Терек-Суу — Кырк-Казык жана Чоӊ-Арык — Сары-Булак жолдору кум, шагыл төгүлүп, тегизделип, оӊдолуп жатат.

Даярдаган: Луиза Айтымбетова