Тарых жана Маданият жылына карата 29-июлда Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын 220 жылдыгы республикалык денгээлде өткөрүлгөнү турат. Бул мааракеге райондогу маданият кызматкерлери даярдыктарды көрүшүүдө.
Бул туурасында райондук маданият үйүнүн директору Б. Дүйшеева менен маек курдук.

— Азыркы убакта биз кызматкерлер менен көп иш чараларды даярдап жатабыз. Айрымдарын көрөрмандарга тартууладык. Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган эки бөлүмдөн турган концерттик программабыз менен Бишкек шаарында элге көрсөтүп келдик. Программаларды жогорку деңгээлде даярдоо үчүн режиссер менен иштешип жатабыз. Мааракенин алкагында оюн-зооктор, сулуулар сынагы өткөрүлөт. Ошондой эле Кемин районунун жигиттери менен Ак-Талаанын кыздарынын “Сармерден” кыз-жигит оюну өтөт. Ал эми каражат жагынан бир аз кыйналыш болуп жатат. Биз борбор шаарына барып койгон концерттен түшкөн каражатка жаңы кийим тиктирдик.
Учурда ар бир айылдык клубдардагы кызматкерлер менен бирге репетиция жүрүп жатат. Айрым сахналык көрүнүштөр жана массовка үчүн кастинг менен кыз-жигиттер тандалып алынып жаткан учуру.
Даярдаган: К.Кубанычбекова, А.Касмалиева