Ишкерлик менен алектенбеген, жок эле дегенде алып-сатарлыктын түйшүгүн башынан кечирбеген адамды ушу тапта табыш кыйын. Заман шартына ылайык ишкерлик менен тиричилигин өткөргөндөрдүн саны арбыды.
Өкмөткө ишенип отуруп албай аракет жасап, өз алдынча иш жүргүзүүнүн түйшүгүн башынан кечирип келаткан Баетов айылынын тургуну жаш ишкер Аттокур уулу Санжар бир топ жылдан бери айылдаштарынын жакшылыктары үчүн кызмат кылып келет.
Биз той өткөргөнгө бардык шарттар бар. Тамада, музыкант, сүрөтчү бар. Элге жеңилдик кылып даярдап беребиз. Баасы элдин чөнтөгүнө туура келгидей. Анча кымбат эмес. Тамактардын 15-20 түрүн жасайбыз. Тамакты өзүм жасайм. Жардамчы эжелерим бар. Продукцияны базардан сатып алабыз. Эт азыктарын болсо бата кылып союп анан колдонобуз. Тамак кардар буйрутма бергенден кийин 15-20 мүнөттө даяр болот.
![DSC_0963[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2016/07/DSC_09631.jpg)
Ишкер адам сөзүнө тура алган, кысталыш чакта туура чечим кабыл ала билген жана жоопкерчиликтүү болуусу керек. Анын ар бир кардарга жасаган мамилеси ишкердүүлүгүнүн күзгүсү. Аталган тейлөөчү жай жөнүндө Баетов айылынын тургуну Айнура Кубатова мындай дейт.
Мекеме-ишканалардын көпчүлүгү аш-той, кесиптик майрамдарды, чоң иш-чараларды ушул “Конорчок” кафесинде өткөрөбүз. Анткени залы чоң. Тейлөөсү жакшы. Тамактары арзан. Ишин жакшыртыш үчүн ичи таза болуш керек. Жана келген кардарга мамиле жакшы мамиле жасаса, ошончо көп адам кирет.
Базар шарты бардык нерсенин нака баасын аныктап, кимдин эмнеге жөндөмү мыктылыгын таасын көрсөтүп коёт. Санжар кафе менен гана чектелбестен Конорчок менчик мейманканасын да иштетет. Жаш ишкер бул анча кирешелуу болбосо да, айыл жергеси үчүн мейманкана керек деген ойдо.
Ак-Талаа районунда мейманкананы биринчилерден болуп ачканбыз. Айыл жергеси үчүн абдан эле керек. Сырттан келген туристтер менен бирге өзүбүздүн жарандарды тейлейбиз. Анткени тааныштарыныкына барбай кенен эс алганга шарт түзүп беребиз.
![DSC_0957[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2016/07/DSC_09571.jpg)
Ишкерлик чоң мээнет. Каягына канча акча кетерин эсептеп отурасың, билим, теориялык даярдык керек. Ишкер тобокелге, чечим кабыл алууга даяр болуусу зарыл. Бизнесте чечим кабыл ала албасаң анда сен ишкер боло албайсың.
Даярдаган: Г. Мамытбекова