Быйылкы жайда Сары-Жыгачта балдар үчүн лагерь ачылган. Аталган жер Жаңы Талап айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп, Сөң-Көл жайлоосуна жакын жайгашкан.
1-июлдан бери 75 бала эс алды. Алар 4 мал ысык тамак ичишет. Эс алууга келген балдарга тарбиячылар сабак өтүп ар кандай спорттук оюндарды өткөрүшөт. Лагерде бардык эмеректер керебет, жууркан-төшөктөр Кара Ой “Адис Адилет“ бала бакчасынан алынып келинген.

М.Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери Өмүркулов Бексултан жана Эдил уулу Арсен жайкы лагерге музыка сабагынан мугалим катары практикага келишкен.
”Бириинчи жолу практикага чыктык бул жакка “Роза Отунбаеванын демилгеси” Коомдук фондусу аркылуу келдик. Тилекке каршы биздин практика бүттү, кайра суранып келгени аракет кылабыз”, — дешет алар.
Ал эми 6-класстын окуучусу Асылбек уулу Эмир бул лагерде эс алуу кызыктуу жана көңүлдүү өткөндүгүн жана дагы эс алууга дагы келээрин кошумчалады.

Бул жакта иштеген тарбиячылар эмгек акы албастан иштешет. Адилет бала-бакчасынын тарбиячысы Токсобаева Саадабүбү: “Балдар үчүн баарыбыз милдеткербиз андыктан алардын бул жердеги эс алуусу жакшы өтүш үчүн болгон аракетибизди жумшап эмгектенип жатабыз” дейт.

Бул лагердин иштеп жатышында Алымбаева Жылдыздын эмгеги чоң. Күн алыс коңшу турган Жаны Талап айылына каттап балдардын тамак-ашын нан азыктарын даярдап алып келет.
“Биздин райондун балдары үчүн аябай эле жакшы болду. Ушул баштаган ишти ушул жылы эле таштап койбой мындан ары улантып кетүүбүз керек. Ал үчүн демөөрчү издеп, эс алуу шартын дагы жакшыртуу биздин негизги максатыбыз. Тамак-ашты казанга жазагандыктан отун жагынан бир аз кыйынчылык болду”, — деди Алымбаева.

Балдардын коопсуздугу, убагында эс алуусу, тамак ичүүсү учун болгон аракетин жумшап келет. Лагердеги балдар 6 күн эс алышып, бул аралыкта 2 жолу айланасындагы кооз жерлерге экскурсияга чыгышат.

Ар кандай коомдук уюмдардын өкүлдөрү лагерге демөөрчүлүк кылышат. Балдар спорт мектебинин өкүлдөрү лагерге келишип, оюн уюштурушту.

Оюн жыйынтыгында жеңүүчү командаларга грамоталарды тапшырышты.
Даярдаган: Кубанычбекова Калида