Жаңы Талап айылынын тургуну Макелеев Алтынбек 1998-жылдан бери “Келечек” ветеринардык сервисинин жетекчиси болуп иштейт. Жакында эле Индонезияга мамлекеттин каржылоосу менен барып 1 ай жасалма уруктандыруу боюнча окуп, тажрыйба алып келген.
Ал жерден 4 түрдүү породадагы уйлардан 100дөн урук алып келип, жасалма уруктандырып жатат.

— Асыл-тукум уйлардын уругу жетишсиз. Азыркы учурда бизде малдарды асыл-тукум малдардын уруктары менен жасалма уруктандыруу жүрүп жатат. Бул асыл-тукумдардын пайдалуулугу, мисалы, биздин торпоктор 15 миң сомго бааланса, бул тукумдун торпоктору 30 миң сомго бааланат. Асыл-тукум уйлар сүт багытындагы жана эт багытындагы болуп экиге бөлүнөт. Салмагы 1 тонна жеткен дагы букалар болот.
ПРООНдун долбоору менен кайтарымсыз грант түрүндө муздакыч, стол, шкаф келген. Каарманыбыздын айтымында коңшу айылдарга жасалма уруктандыруу боюнча элдин суроо-талабы менен барып, кызмат көрсөтүп турат.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова, Айчолпон Касмалиева