Андарактык, Манас орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уулман Абалбаева президенттин «Үмүт» стипендиясына татыды. Уулман учурда БатМУнун англис тили адистиги боюнча 3-курста окуйт.
Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Манас орто мектебинин 2013-жылкы бүтүрүүчүсү Уулман Абалбаева жакында эле Баткен мамлекеттик университети тарабынан «Үмүт» стипендиясына көрсөтүлүп, президенттик сыйлыкка татыды.

Биз бул тууралуу Уулман менен байланышып маек курдук.
«Мен азыркы кезде БатМУ да 3-курста билим алуудамын. Мени БатМУ ГЭИ президенттик стипендияга көрсөтүп, сыйландым. Президенттик стипендия жалпы 50 миң сом, айына беш миң сомдон берилет. Кылган иш-аракеттиримдин, жетишкендиктеримдин негизинде бул стипендияны алып олтурам. Мен ага керектүү документтерди чогултуп берген болчум. Учурда беш миң сом өлчөмүндө президенттик стипендиясын алуудамын», — деп токтолду Абалбаева.
Уулман 1-курстан тартып эле институнун деңгээлинде өткөрүлүүчү түрдүү иш-чараларга, олимпиадаларга активдүү катышып келет.

2014-жылы ОшМУнун 75-жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн «Илим жана жаштар — жаңы идеялар жана жыйынтыктар» аттуу аймактык студенттик илимий конференцияда «Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө «Манас» эпосу аркылуу тарбиялоонун орду» деген темада жасаган эң мыкты баяндамасы үчүн ОшМУнун 1-даражадагы диплому менен сыйланган.
2015-жылы Ош социалдык университетинде өткөрүлгөн студенттик 4-аймактык предметтик олимпиадада 1-орунга ээ болгон.
Уулман, факультеттин жана шаардын коомдук иштерине жана маданий турмушуна автивдүү катышып келет.
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн