Лейлек районунун Андарак айылындагы мектеп окуучусу Жумадыл Егемназар уулу эки жылдан бери коёндорду багып, аларды көбөйтүп келет. Учурда анын колунда эки эркек, 15 ургаачы коёну бар. Жумадыл мындан ары да коёндорду көбөйтөөрүн айтат.
Жумадыл эки жыл мурда коёндорду багууга кызыгып, азыркыга чейин көбөйтүп учурда анын колунда 17 коёну бар.

Мектеп окуучусу көбөйткөн коёндорун сатаарын айтты.
Жумадыл коёндорун капаста сактап багып жатат.

Ал коёндорун сабиз, кебек жана дагы ар кандай тамактар менен багат. Жумадылдын коёндору тамак тандабай жейт, бирок көбүнчө сабиз менен багаарын айтат.
Коёндор айына бир жолу төлдөп тургандыктан алардын саны бат көбөйөт.
«Эгерде эркеги менен анын бөжөктөрүн бирге баксаң эркеги балдарын жеп салат. Ошон үчүн эркегин бөлөк сактап багыш керек», — деп кошумчалады Жумадыл.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн