Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында кыздардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн 5 мектеп катышты.

Анда Куу-Майдан айылындагы Нышанов орто мектебини кыздары жеңишке жетишти. 2-орунду Даары-Суу орто мектебинин окуучулары, 3-орунга Арбын орто мектебинин окуучулары ээ болушту. Андан кийинки орундарды Ак-Чабуу жана Шаңкол орто мектебинин окуучулары алды.

Оюндун катышуучусу, Арбын орто мектебинин окуучусу Нүргүл Осмонова «Биз бул оюнга анча даярданган эмеспиз, ошондуктан жакшы орунга жетишпедик. Нааразы болгон жерим, аягында Шаңкол менен Арбын түшүшү керек эле түшүрбөй койду» дейт.

Оюнга күбө болгон Эрмек Маматибраим уулу «Оюн жакшы, ушундай оюндар дагы көп болсун» деген оюн айтты.

Даярдаган: Садирали кызы Эльвира
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн