Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы поликлиниканын чатыры жана эшик-терезелерин жаңыланууда. Бул атайын айыл тургунунун жазган долбоору менен ишке ашууда.
Айыл тургуну Кыдырали Тойчубаев «Актед» уюмуна долбоор жазып, 600 миң сомдук жардам алууга жетишкен. Ал каражатка поликлиниканын оңдоо иштери жасалууда.

«Сумбула айыл өкмөтү дагы 60 миң сом бөлүп берди, буйруса, оңдоп-түзөө иштери жакынкы аралыкта бүтөт», — деди ал.
Буга чейин поликлиниканын чатыры, эшик-терезелери жараксыз болуп турган.
Поликлиниканын оңдоп-түзөө иштери жакынкы аралыкта бүтүп, тургундарга кызмат көрсөтө баштайт.
Даярдаган: Азим Абдилазиз уулу
Редактору: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн